Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 01-05/31
Төраганын милдетин аткаруучуну дайындоо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы, шаардык Кеңештин төрага кызмат ордуна жашыруун, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча талапкер тийиштүү добушту албагандыгын, төраганы шайлоо күнүн белгилегенге чейин төраганын милдетин аткарууну анын биринчи орун басарына төраганын эмгек акысы, автоунаа майынын чыгымы, жеке менчик автоунаасын кызматтык унаа катары пайдалангандыгы үчүн компенсация кошулуп төлөөнү тапшырууну талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-38-беренесин жана шаардык Кеңештин Регламентинин 3-главасынын 3.1. жана 3.5.пунктун жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 01-апрелинен төраганын милдетин аткаруучу болуп төраганын биринчи орун басары Абдурахманов Ядгоржон Турсунбаевич дайындалсын жана төраганын эмгек акысы, автоунаа майынын чыгымы, жеке менчик автоунаасын кызматтык унаа катары пайдалангандыгы үчүн компенсация кошулуп төлөнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |