Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-майы № 4/1
Баш-Кууганды айыл аймагындагы «Дыйкан-Ынтымак» өнүгүү жамаатынын уставын бекитип берүү жөнүндө
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын тургуну Жусупбаева Бурулча Токтобековнанын ПРООН «Жаңы Зеландия» программасынын алкагында түзүлүп жаткан «Дыйкан Ынтымак» өнүгүү жамаатынын уставын бекитип берүү жөнүндөгү маалыматты угуп Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңеши XVII чакырылыштагы кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу, Баш-Кууганды айылында долбоорлор менен иштөө, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү иш менен камсыз кылуу багытындагы түзүлгөн «Дыйкан Ынтымак» өнүгүү жамаатынын уставы бекитилсин.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылыша көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Таалайбек уулуна милдеттендирилсин.
Тѳрага | К. Ажыгулов |