Редакцияот 11.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 1- сессиясы

 

2017-жылдын 11-январы № 1/1

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин төрага жана орун басарын шайлоо жөнүндө

Депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кеңешинин төрага жана орун басарын жашыруун жана ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эсептөө комиссиясынын токтомдору бекитилсин.

2. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28,37,38 беренесинин жана Депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кенешинин 1-сессиясында Ак-Кыя айылдык Кеңешине шайланган депутаттардын көпчүлүк добушун алган Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Зарлыков Рустам Турусбекович Ак-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы болуп шайлансын.

3. Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Саралаев Адилет Айдаркулович Ак-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлансын.

 

Тѳрага

Э. Темиров