ТоктомКүчүндө

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 2/4 «Депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кеңешинин жер маселеси,айыл чарбасы,мал чарбасы боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө» токтому

Редакция02.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 2- сессиясы

 

2017-жылдын 2-февралы № 2/4

Депутаттардын Ак-Кыя айылдык Кеңешинин жер маселеси,айыл чарбасы,мал чарбасы боюнча туруктуу комиссиясын түзүү жөнүндө

Ак-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын карап талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Ак-Кыя айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Кыя айылдык Кеңешинин жер маселеси, айыл чарбасы, мал чарбасы боюнча туруктуу комиссиясы төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.

Төлөмүшов Казыбек №4132 Жаны-Жол шайлоо округунан

Султанов Улан №4131 Кара-Суу шайлоо округунан

Абдылдаев Райымбек №4131 Кара-Суу шайлоо округунан

Элтуйбасов Жыргал №4131 Кара-Суу шайлоо округунан

Кожогулова Салтанат №4132 Жаны-Жол шайлоо округунан

2. Ак-Кыя айылдык Кеңешинин жер маселеси,айыл чарбасы,мал чарбасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы болуп Төлөмүшов Казыбек бекитилсин.

3. Регламентке жана өздөрүнүн иш пландарына ылайык иш алып баруу жагы комиссия мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Р. Зарлыков