Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 4/2
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн укук бузуулар боюнча комиссиясынын Жобосун бекитүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиянын Жобосун бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөттүн катчысы Б.Токсонованын маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн алдындагы укук бузуулар боюнча комиссиясы жөнүндөгү Жобосу бекитилсин.
2. Жобого ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүндө түзүлгөн комиссияга милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р. Зарлыков |