Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-июлу №12 /2
Алай районунда жашылдандырууну жакшыртуу жана экологиялык абалдын алдын алуу багытында райондук токой чарбасынын жана райондук экология бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана Алай райондук токойчулугунун токой башчысы менен райондук экология бөлүмүнүн ага инспекторунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алай районунда жашылдандырууну жакшыртуу жана экологиялык абалдын алдын алуу багытында райондук токой чарбасынын жана экология бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүү эске алынсын.
2. Алай токойчулугунда иштеген жалпы кызматкерлерге милдеттендирилсин:
- токой дарактарынын кыйылуусуна көзөмөлдү күчөтүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, токой дарактарын кыйганга мыйзамдуу чараларды көрүү;
- токойчулар өздөрү мыйзамдуу иш алып баруу, токойлордогу токой дарактарынын кыйылып кетүүсүнө көзөмөлдүктү үзгүлтүксүз алып баруу, токой дарактарын тигүүнү көбөйтүү, ага элдерди тартуу, мектептер менен байланышып, жаш токойчулар командаларын түзүү менен иш алып баруу, токой дарактарын тигүүгө мектептер менен ишембиликтерди уюштуруу;
3.Райондун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча мыйзамдуу иш чараларды иштеп чыгуу, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, жол салууда, кен казууда экологиялык мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүктү күчөтүү райондук экология бөлүмүнүн ага инспектору С.Осмоновко милдеттендирилсин.
4.Алай токой чарбасы статусун берүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн жана экология жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинен суралсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу райондук Кенешинин айыл чарбасы, жер, жер реформасы, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Алай райондук Кеңешинин төрагасы | Т.Н.Сарыбашов |