Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 4/3
Айыл өкмөттөгү жер маселелери боюнча тактоо иштерин жүргүзүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Р. Музакановго айыл өкмөттөгү жер маселелери боюнча тактоо иштерин жүргүзүү боюнча Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын жер адиси Р.Музакановго төмөндөгү жерлерди тактоо жагы милдеттендирилсин:
1. Бишкек-Нарын жолунун жээгиндеги мусор төрүлүп жаткан жерди арендага берүүгө мүмкүн экендигин тийиштүү мекемелерден сурамжылоо
2. Кара-Суу айылынын Чечеев көчөсүндөгү эски гараждын ичин ченеп,тактоо
3. Кара-Суу айылындагы «Билайн»жана «О»уюлдук антеннасынын мыйзамдуулугун
4. К.Дүйшеевдин,О.Сапаровдун,Т.Жетибаевдин,Көктемировдун жерлери боюнча тактоо
5. Заправка участогунда,Дөн-Таш участогунда,Кара-Ой участогунда канча жер бар экендигин тактоо.
6. Жаны-Жол айылындагы эски кампада канча жер бар экендигин,Төрт-Этажда канча жер бар экендигин жана ижара акысын тактоо.
7. Жаны-Жол айылындагы газ заправка кимдин жерине курулган,кимге тийиштүү экендигин тактоо.
2. Бул токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы З.Исираиловго тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |