Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 4/4
Ак-Кыя айыл тургундарынын төрт түлүк малын 2017-жылы жайлоого жайлатуу үчүн чыккан чабандардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Айыл тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого жайлатуу үчүн чыккан чабандардын эмгек акысын бекитүү тууралуу Жаны-Жол айылында 31.03.2017-жылы өткөрүлгөн элдик жыйында жана Кара-Суу айылында 02.04.2017-жылы өткөрүлгөн элдик жыйында токтом менен кабыл алынган эмгек акыларын бекитүү максатында Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол жана Кара-Суу айылдарында өткөрүлгөн элдик жыйындагы токтомдор менен кабыл алынган эмгек акылары бекитилсин.
2. Мал баккан чабан мал кошкон айыл тургундарынын малын жоготуп жиберсе, тиешелүү укук коргоо органдары аркылуу натуралай төлөп берүүгө милдеттенет.
3. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Жайыт комитетинин төрагасы А.Байтиковго,жайлоого чыккан чабандарга милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөттүн башчысы З.Исираиловго тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |