Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 4/5
Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча бирка жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык айыл өкмөттүн мал чарбасы боюнча адиси Р.Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоодо
бирка үчүн- 37 сом 76 тыйын
эмгек акы үчүн - 30 сом
конц.товар алуу үчүн - 2 сом 24 тыйын
жалпы: 70 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөттүн мал чарбасы боюнча адиси Р.Асаналиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р. Зарлыков |