Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-апрели № 4/7
Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун бекитүү жөнүндө
Ак-Кыя айылдык аймагынын 2016 -жылынын аяк оона айынын 14-дөгү №142 Ак-Кыя айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча түзүлгөн буйругунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Ак-Кыя айылдык аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор районун Ак-Кыя айыл аймагынын Жаны-Жол, Кара-Суу калктуу конуштарынын чек араларынын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары жактырылсын жана бекитилсин.
2. Ак-Кыя айыл аймагынын Жаны-Жол, Кара-Суу калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча ”Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик институнун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдалган материалдары Кочкор райондук мамлекеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын
3. Бул токтомдун аткарылышы Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы З.Исираиловко милдеттендирилсин.
Тѳрага | Р. Зарлыков |