Загрузка документа…
АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-майы № 5/1
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарынын санитардык абалын ондоо үчүн айыл тургундарынын 20.04.2017 жылда өткөрүлгөн № 5 элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Кара-Суу айылында 20.04.2017 -жылда өткөрүлгөн №5 элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө айыл өкмөт башчы З.Исираиловдун маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Кыя айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл аймагынын Кара-Суу жана Жаны-Жол айылдарынын тургундарынан таштанды чыгаруу үчүн иштеген кызматкерлерге акы төлөп берүү үчүн ар бир жан башына 10 (он) сомдон төлөө жагы белгиленсин.
2. Акча каражатын чогултууда айылдын аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөөлөргө женилдиктер каралсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |