Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-июну №12/3
Райондо айылдарды, жерлерди сел жана cуу ташкындарынын таасиринен бузулушунан, сел жана суу ташкындарынан жана өрт коопсуздугунун алдын алууда КРнын ӨКМнин Алай райондук бөлүмүнүн, Алай райондук өрт коопсуздук бөлүмүнүн аткарып жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, байланыш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана ӨКМнин райондук бөлүмүнүн башчысы менен өрт коопсуздугунун райондук бөлүмчөсүнүн начальнигинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай районундагы табигий кырсыктардын алдын алуу жана табигий кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча КРнын ӨКМнин райондук бөлүмүнүн жана райондук өрт коопсуздук бөлүмүнун аткарып жаткан иштери канаатандырарлык экенндиги белгиленсин.
2.Калкты табият кырсыгына чалдыктырбоо чараларын иштеп чыгуу, коопту жайда жашаган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, табийгат кырсыктан жабыркаган атуулдарга мыйзамдуу ӨКМ тарабынан берилүүчү жардамдарды өз мөөнөтүнөн кечиктирбей берүү алардын убаракерчилигинин кыскартуу ошондой эле табийгат кырсыгынан жабыркаган жолдорду, көпүрөлөрдү, суу ташкындары коркунуч алып келген айылдарга чара көрүү, оор техника менен бүткөрүлүүчү жайларды техника менен өз мезгилинде калыбына келтирүү, байланыш техникасын, оргтехникаларды дайыма иштеп туруусун камсыз кылуу ӨКМ нин райондук бөлүмүнүнө милдеттендирилсин.
3.Өрт коопсуздугунун алдын алуу эрежелерин элге жеткирүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өрт коопсуздук кызматына керектүү шаймандар менен толук камсыз кылууда мекемелердин, айылдык округдардын имараттарындагы жана жеке сектордогу үйлөргө көзөмөлдүктү күчөтүү, өрт коопсуздук кызматында иштеген кызматкерлердин кызматтык чеберчилигин арттырууга машыктырууну өтүп туруу жагы райондук өрт коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Ж.Калдыбаевке милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы райондук Кенешинин өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, байланыш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Алай райондук Кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |