Редакцияот 19.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 19-январы № 01-05/05

Туруктуу комиссияларды бекитүү жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги II сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын иштеринен эффективдүү натыйжаларды алуу максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесинин 2-пунктуна жана 5-пунктуна, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин Регламентинин 5-главасынын 5.2-пунктуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрт туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана туруктуу комиссиялардын курамы бекитилсин.

- «Бюджет, каржы -экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссияга:

Мамадияров Таалайбек Мажитович - Ата Мекен партиясы;

Токтосунов Жолборс Абдыкапарович-Республика-Ата Журт партиясы;

Кимсанбаев Кабулжан Камилович - Өнүгүү-прогресс партиясы;

Мамашев Асилбек Адилжанович - КСДП партиясы;

Белеков Бакытбек Кеңешбекович - КСДП партиясы;

- «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана  дин маселелери боюнча» туруктуу комиссияга:

1. Арстанбаева Касиет Дуйшеновна - КСДП партиясы;

2. Джаманкулова Гульбайра Джумабековна - КСДП партиясы;

3. Атчабарова Замиракан Калиевна - Өнүгүү-прогресс партиясы;

- «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссияга:

Таштемиров Адылбек Асилбекович - Өнүгүү-прогресс партиясы;

Кочкоров Макентай Макембаевич - КСДП партиясы;

Суеров Канатбек Абдимиталипович - КСДП партиясы;

Айдаров Акылбек Төрөжанович -Ата Журт партиясы;

Тагаев Алманбет Анарбаевич -Республика-Ата Журт партиясы;

-«Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссияга:

Масиров Кенешбек Ногойкулович-Республика -Ата Журт партиясы;

Нышанкулов Абдилмурат Момунжанович -Ата Журт партиясы;

Жумаев Алтынбек Токтомуратович -КСДП партиясы:

Абдыразаков Нургазы Абдыразакович - КСДП партиясы;

Орозов Дурусбек Ысакович - Ата Мекен партиясы.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Я.Абдурахмановго милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

М.А. Сыдыков