Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-январы № 01-05/06
Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоо боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын №2 протоколун бекитүү
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын III сессиясынын Аймактык шайлоо комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Турдалиев Сардорбек Сабировичтин билдирүүсү эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаарынын мэрин шайлоонун натыйжалары боюнча Аймактык шайлоо комиссиясынын №2-протоколу бекитилсин.
3. Жумаев Алтынбек Токтомуратович жергиликтүү шаардык Кеңештин депутаттары тарабынан Кочкор-Ата шаарынын мэри болуп бир добуштан шайланды.
Тѳрага | М.А. Сыдыков |