Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 242
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн милициянын аймактык өкүлү Нишаналиев Саматтын коомдук тартипти сактоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн милициянын аймактык өкүлү Нишаналиев Саматтын коомдук тартипти сактоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндөгү малыматын угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын31-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн милициянын аймактык өкүлү Нишаналиев Саматтын айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук тартипти сактоо, мал урулук, кылмыштуулуктун алдын алуу абалы боюнча аткарып жаткан иштери канаатандырылсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Таштемиров |
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн милициянын аймактык өкүлү С.Нишаналдиевдин 2016-жылдын 10 ай ичинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө, алдын алууда аткарган иш-чаралар тууралуу Салам-Алик айыл кеңешинин депутаттарына отчет берүү жөнүндө
ДОКЛАДЫ
Урматтуу Салам-Алик айыл кеңешинин депутаттары!
Урматтуу президиум!
Урматтуу чогулуштун катышуучулары!
2016-жылдын 10 ай ичинде жалпысынан 15 ар кандай арыз даттануулар катталып, анын ичинен 12 арыз даттанууга кылмыш ишин козгоодон баш тартылып, өндүрүштө турган 3 кылмыш ишине кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2 кылмыштын бети ачылып, 66,6 %ды түздү.
Ал эми 2015-жылдын 10 ай ичинде жалпысынан 5 кылмыш ишине кылмыш иши козголуп, анын ичинен 4 кылмыштын бети ачылып, 80 %ды түзгөн. Былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу кылмыштуулук 2 учурга аз катталып, ачылуу пайызы 13,4% га төмөн болду.
КИБты боюнча: бир дагы кылмыш катталбады.
Ал эми 2015-жылдын 10 айында 2 кылмыш ишине кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2 кылмыштын бети ачылып 50 % ды түзгөн.
Башка кызматтар боюнча: 3 кылмыш ишине кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2 кылмыштын бети ачылып 66,6 % ды түздү.
2015-жылдын 10 айында жалпысынан 3 кылмыш ишине кылмыш иши козголуп, анын ичинен 2 кылмыштын бети ачылып 66,6 %ды түзгөн.
Былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу кылмыштуулук 1 учурга аз катталган.
Катталган кылмыштарды статьялар боюнча анализдегенде
Төмөндөгүчө:
2016-жыл 2015-жыл
Ст. 234. 2-2=100% Ст. 234. 4-3= 75%
Ст. 263. 1-1= 100% Ст.353. 1-1= 100%
Ошондой эле азыркы учурда эң көйгөйлүүболгон маселе бул мал уурулук, ушул жылдын 10 ай ичинде бир дагы мал уурулук катталган эмес.
Издөөдө жүргөн кылмышкерлер боюнча: 2016-жылдын 10 ай ичинде издөөдө жүргөн кылмышкерлердин жалпы саны 2. Алар: 1. Таштемиров Айбек Адамович 1979+-ж.т. Пушкин көч. тур.
КИ № 08-15-0019 ИИ №92-16 от. 29.02.2016.-г воен.прок.
Кыдыралиев Калмамат Абдылдаевич 1971-ж.т. Кош-Этер а.т. КИ № 47-11-52. ИИ 36486 от. 04.04.2011-г. воен.прок.
Диний экстремисттик агымдарга бөгөт коюу боюнча тиешелүү иштер алып барылууда. Бул багыт боюнча Салам-Алик айыл аймагында каттоодо турган атуулдар жок.
Милициянын аймактык тескөөчүсүнүн каттоосунда турган 14 атуул каттоодо турат. Азыркы күндө кандай жумуш аткарып жаткандыгын өз учурунда текшерүү жана жаңы келген атуулдарды каттоого өз убагында алуу жагы боюнча милициянын аймактык тескөөчү тарабынан жүргүзүлүүдө. Жер-жерлерде коомдук алдын алуу борборлорунда коомчулук менен биргеликте укук бузууларга каршы КРнын Админстративдик кодексинин 366-беренесинин негизинде 145, 199-бер. 58, 364-бер. 3, 66,3-бер. 2, 378-бер 2, протокол түзүлгөн, о.э. коомдук алдын алуу борборлору менен биргеликте иш алып барылууда ар кандай иштер боюнча. Коомдук коопсуздукту камсыздоо багыты боюнча мас абалында кармалган атуулдарды РИИБнө камсыз кылуу багытында жалпысынан 63 атуулга админстративдик укук бузгандыгыг үчүн протоколдор түзүлгөн.
Админстративдик укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу үчүн ЖОИ кызматкери иштөөдө.
Ал эми жаш өспүрүмдөр тарабынан жана жаш өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш иши катталган жок.
Доклад түзгөн:
Өзгөн РИИБнун МАЫО, милициянын капитаны С.Т.Ншаналиев