Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 243
«Жазы» акционердик коомуна Торгой-Төбө участасынан отвал жайгаштыруу үчүн жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жөнүндө
«Жазы» акционердик коомунун отвал жайгаштыруу үчүн убактылуу пайдаланууга жер бөлүкчөсүн болүп берүү жөнүндөгү 2016-жылдын 14-сентябрындагы № 180 сандуу, 2016-жылдын 2-октябрындагы № 188 сандуу кайрылуу катынын жана «Жазы» акционердик коомунун жеткчиси А.Кимсановдун билдирүүсүн угуп Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү 2012-жылдын 9-августундагы № 160 кабыл алынган Мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 39-статьясынын № 1-4-8-9-бөлүкчөлөрүнүн негизинде жана № 51-сатьясынын 4-бөлүгүнүн 1-2-4-бөлүкчөлөрүн негизинде карап, Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан 9-сентябрь 2016-жылы берилген 1465 СЕ лицензиясынын жана № 4 лицензиялык макулдашуунун негизинде горный отводко Торгой Төбө көмүр кенинен 21,43 га жана проекттин негизинде отвал жайгаштыруу үчүн 15,0 га, бардыгы 36,43 га жер бөлүкчөсүн убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, траспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Тѳрага | А. Таштемиров |
Мырза-Аке айылы село Мырза-Аке
№ 188 2-октябрь 2016-жыл
КАЙРЫЛУУ
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы
Абдыразаков Талант Кимсановичке
Салам-Алик айылдык кеңешинин төрагасы
Таштемиров Арстанга
«Жазы» ачык акционердик кому Сиздерге КР мыйзамдарынын негизинде макулдугуңуздарды сураган 14-сентябрь № 180 кат менен кайрылган.
Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү (9-август 2012-ж) № 160 кабыл алынган Мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 39-статьясынын № 1-4-9-бөлүктөрүнө жана № 51-статьясынын 4-бөлүгүнүн 1-2-4-бөлүкчөлөрүнүн негизинде карап, Кыргыз Респрубликасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан 9-сентябрь 2016-жылы берилген 1465 СЕ лицензиясынын жана № 4 лицензиялык макулдашуунун неги зинде горный отводко 21,43 га жана проекттин негизинде овал жайгаштыруу үчүн 15 га жер бөлүкчөсүн убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдугуңуздарды берүүңүздөрдү дагы бир жолу суранабыз.
«Жазы» ачык акционердик кому 1-октябрь 2016-жылга Торгой-Төбө көмүр кенинен 19300 тонна көмүр казып мамлекетке 5 миллион сомго жакын салык төлөдү, анын ичинен КНС 4234000 сом, сатыктан алынуучу салык 156000 сом, айыл чарба багытында эмес жер салыгы 47000 сом, рояльти 528000 сом, ж.б. салыктар жана төлөмдөр, бүгүнкү күндө 30 жумушчу орун менен камсыз кылынды, анын ичинен 20 жумушчу орун же болбосо 70% жергиликтүү жумушчулар. Айыл өкмөтү менен түзүлгөн социалдык паеттеги келишимдин бардык шарттары аткарылып келет жана биздин акционердик коом жалпы эле Өзгөн району жана анын ичинен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн элинин бардык тарабынан өнүгүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.
«Жазы» ачык акционердик коомунун директору: А.Кимсанов