Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 245
Салам-Алик айыл аймагынын Салам-Алик айылындагы көмүр ташуучу кендеринен ташылып жаткан көмүр каттоочу постту жоюуу жөнүндө
Бүгүнкү күнү Салам-Алик айыл аймагыгында көмүр казуу жана ташуу иш-аракеттерин жүргүзүп жатышкан «Өзгөн Энерго Уголь» ЖЧК, «Адилбек» ЖЧК, «АБКЕ» ЖЧК, «Кулуш-Ата» ЖЧК жана «Жазы» акционердик коому тарабынан ташылып жаткан көмүрлөрдүн эсебинен сатуудан (налог с продажа) түшүүчү салык айыл өкмөтүнүн бюджетине түшпөй жаткандыгына байланыштуу Салам-Алик айылындагы көмүр каттоочу постту алып салуу же жоюу талап кылынууда.
Жогорудагы жагдайларды эске алып, Салам-Алик айыл кеңешинин жалпы депутаттарынын постту жоюу боюнча добуштарына ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык көмүр ишканалары тарабынан сатуудан алынуучу (налог с продаж) салык төлөнбөгөндүгүнө байланыштуу Салам-Алик аймагынын Салам-Алик айылындагы салык посту жоюлсун.
2. Салык постуна төлөнүп жаткан бардык эмгек акы жана финансалык каражаттарды төлөөнү токтотуу жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин жана аткарууга алсын.
3. Салык постунун имаратын жана андагы негизги жана айланма каражаттарды кароого алуу, сактоо Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Таштемиров |