Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 246
Салам-Алик айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы жаңыдан курулуп бүткөн балдар бакчасын ачуу жана ага ысым ыйгаруу жөнүндө
Ак-Терек айылына балдар бакчасын ачуу жана ат коюу жана балдар бакчасынын жетекчисин сунуштоо жөнүндөгү 2016-жылдын 17-октябрындагы № 11-токтомунун негизинде жана Салам-алик айыл кеңешинин жалпы депутаттарынын добушуна ылайык Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Терек айылынын 2016-жылдын 17-октябрындагы «Балдар бакчасын ачуу жөнүндөгү» жалпы элдик жыйынынын № 11 токтому жактырылсын.
2. Ак-Терек айылында жаңыдан курулган 50 орундуу 2 тайпалык бала бакчасы пайдаланууга берилсин.
3. Балдар бакчасын ачуу жана ага ат коюуу боюнча Ак-Терек айылында 2016-жылдын 17-октябрында өткөрүлгөн элдик жыйындын № 11- токтомунун негизинде жана Салам-Алик айыл кеңешинин жалпы депутаттарынын добуш берүүсүнө ылайык, балдар бакчасы «Азада эне» балдар бакчасы деп аталсын.
4. Ушул токтомду аткаруу жана тийиштүү юридикалык документтик иштерин бүткөрүү Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Салам-Алик айыл кеңешинин бюджет, финансы, экономика жана байланыш тармактары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелери, билим берүү тармактары боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Таштемиров |
Өзгөн районуна караштуу Салам-Алик айыл аймагынын Ак-Терек айылынын жашоочуларынын элдик
жыйынынын
ПРОТОКОЛУ
Ак-Терек-Терек айылы № 11 17-октябрь 2016-жыл.
Катышкан адамдын саны 102
ЖУМУШЧУ ПРЕЗИДИУМ
Кыпчакбаев Т Ак-Терек айылынын айыл башчысы
Ажиев Ч Ак-Терек орто мектебинин директору
Айтбаев М айыл тургуну, депутат.
Кайназарова С айыл тургуну, мугалим.
Ысманкулов А айыл тургуну.
Күн тартибиндеги маселе
Ак-Терек айылына балдар бакчасын ачуу жана ага ат коюуу.
Балдар бакчасынын жетекчисин сунуштоо.
УГУЛДУ: Күн тартибиндегиги каралып жаткан маселелер боюнча Ак-Терек айылынын айыл башчысы Кыпчакбаев Т чыгып сүйлөп төмөндөгүлөргө токтолду. Биздин айылда 237 кожолук эл жашайт. Бүгүнкү күндө 125 бала балдар бакчасына барууга муктаж.Бул убакка чейин балдар бакчасын ачууга мүмкүнчүлүк болбой келген болсо быйыл Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана айылдык кеңештин депутаттары бала бакча ачуу боюнча элдин демилгесин колдошуп, айылда 50 орундуу балдар бакчасынын имараты курулууда. Эми биз азыртан балдар бакчасынын жетекчисин сунуштап, курулуш бүткөнгө чейин балдар бакчасына келүүчүлөрдүн тизмесин жана тарбиячыларды тактап алышыбыз керек жана ошондой эле балдар бакчасынын атын коюп алышыбыз керек. Балдар бакчасынын ички жабдууларын атап айтканда балдарга кровать, кийим чечүүчү шкафтарды, алдына салынуучу килем дорожкаларды жана терезеге пардаларды элдин эсебинен алышыбыз керек же демөөрчүлөрдүн эсебинен жабдышыбыз керек, ушул боюнча оюңуздарда айтсаңыздар.
Жарыш сөзгө чыкан айылдык кеңештин депутаты Айтбаев М төмөндөгүлөргө токтолду: Мен бала бакчанын ачылышына көптөн бери аракет кылып келе жатам. Менин Ак-Терек айылына бала бакча ачуу сунушумду айылдык кеңештин депутаттары да толук колдошту жана бала бакча ачуу бүгүнкү күндүн талабы. Азыр канчалаган үй-бүлөлөр чет жакта иштешип, балдарын бул жердеги чоң-ата, чоң энелерине таштап кетишкен. Алар татыктуу билим алууга муктаж. Бала бакча болсо балдарыбыз мектепке барганга чейин эле бир топ билим тарбия алып, тамга таанып калышат. Мен көп жылдан бери мугалим болуп иштеп, балдарга таалим-тарбия берип келе жаткан Кайназарова Салийманы бала бакчага сунуш кылам.
Жарыш сөзгө чыкан Жолборсбекова А балдар бакчасынын ачылып жатканынын кубаттап, бала бакчанын жабдуусуна элден акча чогултуу кыйынга тураарын, бири берсе бир бербей бакчаны жабдуу создугуп кетээрин айтып, демөөрчүлөрдүн эсебиенен жабдысак жакшы болот эле деген оюн айтты.
Айылдын тургуну Инашов С сөз алып, айылда балдар бакчасын ачуу боюнча демилгечилерге жана айылдык кеңештин депутаттарына ыраазычылыгын билдирди жана ошондой эле балдар бакчасына ат коюу боюнча оюн ортого салды.
Эгер макул көрсөңүздөр бакчанын айыл башчысы айтып кеткен эмеректерин биз бир туугандар жабдып берсек, балдар бакчасына апабыз Турудумамабетова Азаданын атын коюп берсеңиздер.
Апабызды бардыгыңыздар билесиздер ошентсе да кылган эмгектерине кыскача токтоло кетейин. Апам «Алга», «Кыргызстандын 50 жылдыгы» совхоздорунда саанчы болуп көп жылдар эмгектенген жана совхоздогу алдыңкы саанчылардан болгон. Көп жылдар үзүрлүү эмгеги бааланып, Ош облустук Советинин жана Өзгөн райондук Советинин депутаты болуп шайланган. Ал эми айылдык Советке 2 жолу депутат болуп шайланган жана ошондой эле Кыргыз ССР Жогорку Советинин ардак грамотасы, юбилейлик медал жана башка баалуу белектер менен бир нече жолу сыйланган. 10 бала төрөп тарбиялап өстүрүп, баатыр эне наамына татыктуу болгон.
Жогорудагы сунуш пикирлерди угуп жана талкуулап, Ак-Терек айылынын жалпы элдик жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
ТОКТОМ
Ак-Терек айылында 2 тайпа 50 орундуу балдар бакчасы ачылсын жана ал «Азада эне» балдар бакчасы деп аталсын.
Балдар бакчасына жетекчиликке Кайназарова Салийманы дайындап берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнүн жана Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчыларынан суралсын.
Балдар бакчасына кабыл алынуучу балдардын тизмесин, тарбиячыларды жана керектүү жумушчуларды тактоо С.Кайназаровага милдеттендирилсин.
Ушул токтомду бекитип берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнөн суралсын.
Жыйындын төрагасы Т.Кыпчакбаев
Катчысы Ч.Ажиев