Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 247
Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жанындагы 6-класс имараты ээлеп турган жерин бала бакча үчүн ажыратып берүү жөнүндө
Жер кодексинин № 27- беренесине ылайык Ара-Көл айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жанындагы 6-класс имараты жайгашкан ордун бала бакча үчүн ажыратып берүү жөнүндө Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты Калмурзаева Буразиянын маалыматын угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ара-Көл айылында ачылуучу бала бакча үчүн Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жанындагы кичи имаратынын ээлеп турган жер аянтынан 0,29 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана керектүү архитектуралык, мамлекеттик каттоо жагын жана иш кагаздарын бүтүрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Тѳрага | А. Таштемиров |
ПРОТОКОЛ № 1
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби 20.08.2016.
Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кезексиз пед.кеңешме болуп өттү.
Катышкандар : 20.
Күн тартибинде:
Мектептин кичи имаратынан (6 летка) балдар бакчасы үчүн бөлмө бөлүп берүү жана мектептин территориясынан жер бөлүп берүү.
Угулду:
Мектептин директору Калмурзаева Буразия төмөндөгүлөргө токтолду:
2015-2016-окуу жылынын башында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн семинарга катышып, “МЧББ-100” проектисине долбоор жазгандыгын, долбоордо утушка ээ болуп, мектеп алдындагы 3 сааттык бала бакча ачуу зарылдыгы келип чыккандыгын, бала бача үчүн имарат жана жер керектигин, мектептин пайдаланылбай, бош турган кичи имаратынын бөлмөлөрү жана анын территориясы бар экендигин, аны бала бакчага бөлүп берүү сунушун айтты.
Жарыш сөзгө чыкандар:
Мырзакулоа С “ Бул туура сунуш, бүгүнкү күндө биздин айыл үчүн бала бакча абдан зарыл. айрыкча жаз, күз мезгилдеринде келиндерибиз балдарын кайда калтыраарын билбей кыйналышат. Бөлмөлөр деле бош турат, бул сунушту колдойм”.
Калыбеков Н - “Эң туура болот, башка айылдарда бул маселе эчак эле чечилген, колдойбуз, документтерин директор эжеке өзү бүтүрсүн”.
Бусурманкулова У - “Бала бакчага барган бала менен үйдө жүрүп, мектепке келген окуучунун ортосунда ат менен төөдөй айырма бар экендигин турмуш ырастап жатат.
Айыл жеринде бала бакчалардын жоктугу мектептердеги билим сапатынын төмөндүгүнө алып келүүдө. Мен дагы жогорудагы ойлорго кошулам”.
Жогорудагы сунуштарды, ойлорду жарыш сөзгө чыккан Р.Чекеева, Б.Ашимовалар да колдошту.
Кеңешме жогорудагы маселени угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
ЧЕЧИМ
Ара-Көл айылында ачылуучу бала бакча үчүн Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жанындагы кичи имараттан 264 м.кв. бөлмө ажыратылсын жана мектептин территориясынан 29 сотых жер аянты бөлүнүп берилсин.
Бала бакчага бөлүнгөн имараттын документациясын даярдоо милдети мектептин директору Калмурзаева Буразияга жүктөлсүн.
Бул чечимди бекитип берүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнөн жана Салам-Алик айыл кеңешинен суралсын.
Чогулуштун төрайымы: Калмурзаева Б
Катчысы Абдырахманова А