САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы
2017-жылдын 22-ноябры № 248
Кызыл-Чарба айылындагы М.Сагынова атындагы орто мектебинин аянтынан бала бакчанын курулушу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Жер кодексинин № 27- беренесине ылайык Кызыл-Чарба айылындагы М.Сагынова атындагы орто мектебинин ээлеп турган жер аянтынан бала бакчанын курулушу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө Салам-Алик айыл кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Чарба айылындагы М.Сагынова атындагы орто мектебинин ээлеп турган аянтынан бала бакчанын курулушу үчүн 0,20 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Токтомду аткаруу жана керектүү архитектуралык, мамлекеттик каттоо жагын жана иш кагаздарын бүтүрүү жагы Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу айыл кеңешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Тѳрага | А. Таштемиров |