САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык Кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы
2017-жылдын 22-ноябры № 249
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Нуралиева Канышай Мейманбаевнаны “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгисине сунуштоо жөнүндө
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Нуралиева Канышай Мейманбаевнаы “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгисине сунуштоо боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтер Нуралиева Канышай Мейманбаевна “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын мыктысы” төш белгисине сунушталсын.
2. Токтомду көзөмөлгө алуу Салам-Алик айыл кеңешинин мыйзамдуулук, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар менен иштөө жана этика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Таштемиров |