Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 252
Салам-Алик айыл аймагынын жарандарын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 145- статьясына ылайык, Салам-Алик айыл кеңешинин төрагасы А.Таштемировдун жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүн эске алып Салам-Алик айыл аймагынын жарандарына Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча Салам-Алик айыл кеңешинин 5-чакырылыш кезектеги 34-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салам-Алик айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкондугу жана муниципалдык тармактардагы эмгектерин эске алуу менен Салам-Алик айыл аймагынын төмөндөгү жарандары Салам-Алик айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын:
1. Абдыразаков Аким -Ак-Терек токойчулугунун токой башчысы;
2. Айтбаев Мамрасул -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
3. Калмурзаева Буразия Масүтовна -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
4. Жунусалиев Пазыл Кудайбердиевич -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
5. Ыдыңов Бектур -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
6. Караев Турдакун -Салам-Алик айыл өкмөтүнүн электриги;
7. Абдыкадыров Майсалбек -Салам-Алик айыл кеңешинин депутаты;
2. Токтомду көзөмөлдөө жагы Салам-Алик айыл кеңешинин Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Таштемиров |