Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-июну №12/5
“Алай – Айылкурулуш” акционердик коомунун 27.05.2011-жылдагы № 52 базарга кирген малдарга салык төлөмүн бекитип берүүнү суранган каты жөнүндө.
Алай райондук Кеңешинин бюджет,социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Республикада бардык сатылуучу нерселердин кымбаттагына, районубуздун эли мал чарбасы менен жашоо тиричилик кылгандыгына жана мал сатуучу базардын шарттарын андан ары жакшыртуу максатында мал базарга кирген малдын избардык баасы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Мал базардын шарттарын жакшыртуу, санитардык гигиеналык абалын жана ветеринардык эрежелерди сактоо менен малдарды байлоо, иреттүүлүккө келтирүү, тамак аш сатуучуларга шарт түзүү, аларды таза суу менен камсыз кылуу жана маданияттуу тейлөө жагы “Алай – Айылкурулуш” коомунун төрагасы Ж.Нуралиевке жана Алтымышов Замирге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңешинин бюджет,социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Алай райондук Кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |
Алай райондук Кеңешинин II чакырылышынын XII
заседаниесинин № 12/4 токтомуна тиркеме № 1
Алай районунун мал базарларында сатылуучу малдан мал башына алынуучу избар (взнос) байлоонун болжолдуу өлчөмү.
Кой – эчкиге 10 сом
Тай торпокко 15 сом
Жылкы, уй, топозго, төөгө 20 сом
Алай райондук Кеңешинин жоопту катчысы |
А.Тажаматов |