Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 7
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Кыргызстан жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып,иш планын бюджетин бекитуүү жана Кыргызстан айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн малчылардын акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү жөнүндө Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргызстан айылдык аймагынын Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү 132,9 миң сомго бекитилсин.Иш планын бекитүү жана Кыргызстан айыл аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары үчүн малчылардан алынуучу акы төлөмдөрүнүн тарифин бекитүү максатында,Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши талкуулап жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин талаптарына ылайык токтом кылат:
1. Кыргызстан айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жыл үчүн түзүлгөн бюджети 132,9 миң сомго жана иш планы бекитилсин.
2. Иш планда көрсөтүлгөн иш чаралардын аткарылышы колго алуу жагын Жайыт комитетинин башчысына /Т.Казыбаев/милдеттендирилсин.
3. Кыргызстан айылдык аймагына караштуу жайыттарды пайдалангандыктары учун.малчылардан алынуучу акы толомдорунун тарифи томонкудой бекитилсин.
-Кыргызстан айыл аймагына караштуу жайыттарга алынуучу акы толом туяк башына;-кой,эчки,козу,улак үчүн – 5 сом,кара малга,ийри муйуздуу малга,жылкы-кулук, уй,торпок,бука башына -30 сом.
4. Кыргызстан айыл окмоту жайыт жеринин салыгын кармап калган чыгаша болугун бекитилген бюджеттин негизинде жайыт комитетинин эсебине толугу менен которуп берилсин.
5. Жеке менчик мал ээлери ар бири менен келишим тузуу жагы жайыт комитетинин башчысы Т.Казыбаевге тапшырылсын.
6. Жеке менчик мал ээлерине Жайыт билетине акыны бөлүп төлөөгө жол берилет:келишим түзүлгөн күндөн баштап квартал сайын жана мөөнөтүнөн кечиктирилген төлөмдүн жалпы өлчөмүнө ар бир мөөнөтү өткөрүлгөн күн үчүн туум кошулуп эсептелинет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңештин алдындагы бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Тѳрага | Б. Есеналиев |