Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-марты № 6
Кыргызстан айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Кыргызстан айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2017-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Кыргызстан айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Г. Шабданованын баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Респуликасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү ошондой эле бюджеттин аткарылышын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фондордун пайдаланышы жөнүндө малыматты угуу) жетекчиликке алып Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан айылдык аймагын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү атайын каражат менен кошулганда 5897,7миң сомго, жана чыгаша бөлүгун 5872,9мин сом.
2. Кыргызстан айылыдк аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин кирешелер боюнча атайын каражаттар менен кошулганда 7455,2миң сом жана чыгашалар боюнча7455,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен жергиликтүү бюджетен 6605,2 миң сом. Атайын каражат менен кошкондо (род. оплата)850,0миң сом, ал эми Жайыт комитетинин кирешеси 132,9 миң сом жана чыгашасы 132,9 миң сом бекитилсин.
3. Кыргызстан айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү, көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысына Г.Шабдановага милдеттендирилсин, ал эми раздельден раздельге кошумча жылдыруу жагы Кыргызстан айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын макулдугу менен жүргүзүлсүн.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн ( айлык акы, Соц фонд, тамак аш жана электроэнергия)
5. Жыл ичинде өткөрүлүүчү ар кандай иш чаралар үчүн резервдик фондусунан жана жыл ичинде даталуу күндөргө байланыщтуу өткөрүлүүчү иш чараларга каралган акча каражаттары накталай алынсын.
6. Кол тийгис акча каражаты зарыл болгон учурда накталай алынсын.
7. Токомдун аткарылышы өкмөт башчы А.А.Батырбекова жүктөлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин алдындагы бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Есеналиев |