Загрузка документа…
АЛАЙ РАЙОНДУК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 28-июну №12/6
Райондук Кеңештин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2011-жылдын 17-мартындагы № 4, 4-апрелиндеги № 5, 12-майындагы № 7, 10-июнундагы № 8 кабыл алынган токтомдорун бекитүү жөнүндө
Алай райондук Кеңешинин бюджет, социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Алай райондук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Райондук Кеңештин кошумча акча каражатын бөлүп берүү боюнча 2011-жылдын 17-мартындагы № 4, 4-апрелиндеги № 5, 12-майындагы № 7, 10-июнундагы № 8 “Кошумча акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө кабыл алынган токтомдору бекитилсин.
2.Бул токтомдорду аткарууну камсыз кылуу райондук финансы бөлүмүнүн башчысы З.Молдолкуловго тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө райондук Кеңештин бюджет социалдык экономикалык жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жана райондук Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Алай райондук Кеңешинин төрагасы |
Т.Н.Сарыбашов |