Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 1
Курулуш айылына мечит жана тигүү цехин куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Курулуш айылынын тургундарынын жазган арызынын негизинде айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Курулуш айылындагы эски 10-бригаданын талаа станынын имараты жалпысы 0, 08 (сегиз) га жер аянты Курулуш айылына мечит жана тигүү цехин куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Тигүү цех куруу үчүн талаа станынын имаратынын техникалык абалын аныктоо жагы муниципалдык жер участкаларын, имараттарды сатуу жана ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссия курамына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |