Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 2
Момбеков айыл Өкмөтүнүн эски Кочкор-Ата айылына санариптик теле берүүгө өтүү үчүн имарат куруу жана электр столбаларын орнотуп, электр чубалгыларын тартууга сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каржатын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон 10.01.2015-жылдагы № 9-01 кеңешменин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 25.01.2017-жылдагы № 10-кт-токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик теле берүүгө өтүү боюнча программаны ишке ашыруу максатында айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 10-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн эски Кочкор-Ата айылына санариптик теле берүүгө өтүү үчүн имарат куруу жана электр столбаларын орнотуп, электр чубалгыларын тартууга сметага ылайык жергиликтүү бюджеттен тиешелүү акча каржаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага, Финансы жана Бюджет боюнча туруктуу жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |