Редакцияот 29.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык Кеңешинин 27-чакырылышынын 9-сессиясы

 

2017-жылдын 29-апрели № 2

Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы № 1997-111 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби” тууралуу жобого ылайык, айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу жана КБФнын жерлеринин ижара акысын кароо жөнүндөгү Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтомун жокко чыгаруу боюнча айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 9-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын жогорулатуу жана КБФнын жерлеринин ижара акысын кароо жөнүндөгү Момбеков айылдык Кеңешинин 9-ноябрь 2016-жылдагы № 2-токтому жокко чыгарылсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Стамбаев