Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-апрели № 3
Момбеков айыл Өкмөтүнүн имаратынын жанындагы мурдагы Калинин колхозунун дан сактоочу кампасын бузуу жөнүндө
Момбеков айыл Өкмөт башчысынын кайрылуу катынын негизинде дан сактоочу кампаны бузуу жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 9-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн имаратынын жанындагы мурдагы Калинин колхозунун дан сактоочу кампасынын дубалдары көчүп, чатырынын эскилигинен тамчы өтүп, ремонттоого жараксыз болуп, авариялык абалда тургандыгына байланыштуу бузууга уруксат берилсин.
2. Бузулгандан кийинки жарактуу курулуш материалдары Таштак участкасына балдар бакчасын куруу үчүн берилсин.
3. Кампаны бузуу үчүн керектелүүчү акча каражатын ажыратып берүү Ф.Э.Бнүн башчысы Ч Төлөновага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнүн башчысы Ж Сейитовага жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |