Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 9-2
Улуттук фонддун жери жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңеши айыл өкмөтүнө карштуу Байыш айылындагы Түлкү Дөбө бөлүмүндөгү улуттук фонддун суулу жеринен «Нүкөк» Айыл чарба кооперативинен 7,35га жер аянтын Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин мыйзамдарына ылайык 2007-жылдын 29-май №1997 – III токтому менен келишимдин негизинде берилген. Мурдагы келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2014-жылдан баштап кайрадан келишим түзүлүп улантылган. Айылдык кенештин депутаттары Маматов Исматиллага Түлкү Дөбө бөлүмүндөгү «Нүкөк» Айыл чарба кооперативине берилген жерден Байыш айылындагы үй турмушу начар үй бүлөөлөргө 2,0 га жер аянтын алып берүү үчүн өкмөттүн депутаттарына кайрылган учурда ошол жердин мыйзамдуулугун карап чыгып толук чечип берүү үчүн макулдук беришкендигине байланыштуу Н.Исанов айылдык кеңешинин депутаттары төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин өкмөтүнө караштуу Байыш айылындагы Түлкү Дөбө бөлүмүндөгү улуттук фонду суулу жерин “Нүкөк” айыл чарба кооперативине арендага берилген жер аянтынын мыйзамдуулугун карап чыгып толук чечип берүү жагын айыл кенешинин депутаты Маматов Исматтиллага тапшырылсын.
2. Жер аянты мыйзамдуулугун текшерилгенден кийин айылдык кеңешинин депуттатарына маалымат берүү жагы айылдык кеңешинин депутаты Маматов Иматиллага милдеттерилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айылдык кенешинин төрөгасынын орун басары И.Маматовко жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Нурмаматов |