Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 9-3
Таштанды таштоо үчүн 1,20га жерге трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айылдарда жашаган элдердин таштандыларын айыл четинен сырткары алып таштоо үчүн Жаңы Базар- Көк Бель жолун күн чыгыш тарабына кетип жатканда жолдун оң жагындагы аталган жер участокторуна тийешелүү болгон архивдеги материалдын ичинен «Кыргызмамжер долбоору» Оштогу филиалы тарабынан 1989-жылы даярдалган архив №5472 щифер №3396 Ноокат районунун №44 –жылкы заводунун жерлерин контурдук эсепте турган 1,20га жер аянты азыркы мезгилде Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине караштуу экендиги аныкталып таштандылар үчүн ылайыктуу жер экендигин белгилеп Н.Исанов атындагы айыл кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айылдардагы элдердин таштандыларын айыл өкмөтү боюнча Көк Бель жолундагы лестин үстүндөгү жайыт комитетине караштуу 1,20га жер таштандыларды таштоочу жер үчүн ажыратып берилсин.
2. Таштандыларды таштоочу жайдын толугу менен бүтүрүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге тапшырылысын.
3. Таштандыларды таштоочу жайдын айланасы толук тосмо менен тосулуп терең чукулсун. Эшик тосмо коюлуп ал жерге атайын кароолдор уюштурулсун.
4. Чет жактан келген таштандыларды ал жерге таштоо үчүн макулдук берилбесин.
5. Ушул токтомду көзөмөлдөп иш алып баруу жагы айыл кеңешинин депутаты М.Сыдыковго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Нурмаматов |