Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 9-4
Жер салыгынан жардам көрсөтүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айылдарда 2016-жылы апрель,май айларында аба ырайынын жаанчыл болгондугуна байланыштуу селдин пайда болушу көпчүлүк элдин үлүш жерине тамарка жана улуттук фонддун жерине эгилген дан эгиндерге сел келип зыян келтирилген жердин аянты төмөнкүдөй болуп такталды. Орто фонддун жерине 13,6, үлүш жерден 13,0, тамарка жерден 10,5га бардыгы болуп 37,1га жерге зыян келтирилип ал жерлердин бүгүнкү күнү салыктарын бошотуу боюнча Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин депуттары Ноокат райондук салык инспекциясынан салыктарын төлөөнү чететтүү үчүн төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагындагы жайгашкан айыл тургундарын үлүш, тамарка жана орто фонддун жеринен бардыгы болуп 37,1га жерге зыян келтирилген жер салыктары төлөмүн четтетип берүү жагы Ноокат райондук салык инспекциясынан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын айыл өкмөтүнүн жер жана коммуналдык иштер боюнча башкы адис А.Эсеналиевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Нурмаматов |