Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 9-6
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-2019 жылдарга бюджетинин орто мөөнөттүү болжолу жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга бюджетинин болжолу жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-февралындагы 2017-2019-жылдарга бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу жана 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоору жөнүндөгү “ № 76-б буйругунун негизинде иштелип чыгылган долбоор тиешелеүү мекеме- ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү ” Мыйзамынын 27-беренесинин 5 пунктуна ылайык депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2017-2019- жылдарга айылдык бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү жактырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык Кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |