Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 10-1
Жаңы-Базар сай жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл Кеңешинин аймагына караштуу Жаны-Базар сайындагы дарыянын нугун туурулап кум алуу боюнча Кунгөй-Кожеке,Жаны-Базар айылындагы айыл тургундары айыл кеңешинин депутаттарына арыз менен кайрылышкан. Ошол арызды карап чыгып айыл кеңешинин 10-отурумунда ар бир айылдан шайланган депутаттардан комиссия түзүлүп ошол комиссиянын чечиминин негизинде Жаны-Базар дарыясынын боюндагы жашаган элдерге зыяны тийбегендей кылып курулуш салып жаткан элдерге жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министирлигинин мыйзамдарын эске алып дарыянын нугун суу агымын туурулап жээктерин бекемдеп дарыянын төмөн жагынан курулушка керектелүүчү кум, шагал алууга төмөдөгөдөй айыл кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешинин аймагындагы жайгашкан Жаны-Базар сайындагы дарыянын нугун суу агымын туурулап дарыянын жээктерин бекемдеп сай боюндагы жашаган айыл тургундарына зыяны тийгизбей элдердин курулушуна керектелүүчү кум, шагал алуу үчүн айыл кеңешинин депутаттарынан комиссиянын курамы, төмөндүгөдөй болуп түзүлүт.
1. Сыдыков Маматали- Кошчан шайлоо округунан шайланган айыл кеңешинин депутаты.
2. Мамадияров Жаныш - Жар-Коргон шайлоо округунан шайланган айыл кеңешинин депутаты.
3. Караматаров Жуман - Чеч-Төбө шайлоо округунан шайланган айыл кеңешинин депутаты.
4. Кудайбердиев Бакыт - Кунгөй Кожеке шайлоо округунан шайланган айыл кеңешинин депутаты.
5. Жумабаев Атабек-Жаны-Базар шайлоо округунан шайланган айыл кеңешинин депутаты.
2 . Айыл кеңешинин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссиясынын курамы элдин кум, шагалга болгон муктаждыктарын чечип берүү жагы суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагы транспорт,курулуш,өнөр жай кайра иштелүү жана энергетика,айыл чарбасы,жерге жайгаштыруу жаратылышты коргоо экологиялык жана тоо кендери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Караматоров Жумамидинге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |