Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 10-2
Жайыт камитетинин 6-айлык отчету жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл аймагынын жайыт комитетинин азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан 6-айлык отчетун угуп жайыт боюнча Кыргыз Республикасынынын мыйзамынын 2009-жылдын 26-январдагы №30 жана 2009-жылдын 19-июндагы №386 Кыргыз Республикасынын өкмөтөнүн токтомунун негизинде айыл кеңеш төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл кеңешине караштуу жайыт комитетинин азыркы мезгилде жүргүзүлүп жаткан иштери кээ бир кемчилдиктерин эске алуу менен канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп иш алып баруу жагын жайыт комитетинин төрагасы М. Мамановка тапшырылсын.
Төрага | Ж. Нурмаматов |
Урматтуу Н. Исанов атындагы айылдык кеңештин депутаттарына
Жайыт комитетинин төрагасы М. Мамановдун
Билдирүүсү
Өзүңүздөргө маалым Ош областына караштуу Ноокат районунун Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитети 2009- жылдын 23- ноябрь айында Ош областынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөн. Каттоо №108921- 3606 М- Е ИУЖК коду 26565610 идентификациялык номери 02311200910119 Н. Исанов атындагы жайыт комитетинин жайыт жерлерин ар кайсы себептер менен Ноокат райондук токой чарбасына 6950 га Кичик- Алай жайыт жеринен жана Жар Коргон, Уу- Төр жайлоосунан Ноокат токой чарбасына 980 га жайыт жери өткөрүлүп берилген. Н. Исанов айыл өкмөтүндө жайыттын картасы Гос актысы болгон эмес. Ошондуктан Көк- Бел айыл өкмөтү чыкканда жайыт жерлери толук Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укутарды каттоо департаменти жайыт жерлердин чек аралардын контуру боюнча картасын Гос актысы берилген эмес. Н. Исанов айыл округунун жайыт жерлерин тактоо боюнча Н. Исанов атындагы айыл өкөмтүнүн жайыт комитети боюнча 132421га жер болгон. Бирок жер комиссиясынын курамынын жыйынынын негизинде 4452 га жайыт жери 5 (беш) жылгы убактылуу өткүөүлүп берилген.( акт тиркелет)
Н.Исанов атындагы айыл өкөмтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесин жайыт жеринин картасы контуру менен Гос актысы берилгенге чейин тактап салыштыруу эсеби чыкканга чейин пайдаланган 4452 га жерге мамлеттик жайыт салыгын төлөп туруу жагы сессияда бекитилген. 2015- жылдын жайыт жерлеринин сырткы чек аралары такталып, Ош областык гипроземдин берилген маалымыты боюнча 11825 га жайыт жерине карта берип, бирок Гос акты берилген жок. 11825 га жайыт жеринин ички жайыттардын аска- зоолорун тик жерлерин жайыт жеринен ушул жерлерди чыгарып жайыт жерлердин карталарын тактап, качан гана Гос акты берилгенден кийин эсеби так чыгат.
Н. Исанов айыл өкмөтү боюнча 2016- жылдын мал эсебинен негизинде малдын эсеби төмөндөгүдөй;
Малдын жалпы саны 16421
Анын ичинен кара мал 4456
Кой эчки 10719
Жылкы 1036
Топоз 210
Анын ичинен айылдар боюнча төмөндөгүдөй;
№ | Айыл өкмөтүнүн айылдары боюнча | Уй | Кой | Жылкы | топоз |
1 | Жар Коргон | 1042 | 1818 | 210 | - |
2 | Чеч Дөбө | 420 | 2286 | 254 | - |
3 | Күнгөй Кожоке | 1073 | 2160 | 254 | - |
4 | Тескей Кожоке | 1163 | 2787 | 241 | - |
5 | Алике Байыш | 588 | 818 | 118 | - |
6 | Кичик Алай | 170 | 850 | 35 | 210 |
Быйылкы жылга каттоодон өткөн мал башына төлөнүүчү төлөмдөр;
Жылкы башына 120 сом
Кара мал башына 120 сом
Кой башына 63 сом
Эчки башына 120 сом
Жайыт жерин так аска зоолорун, тик жерлерин, чөп жок таштак жерлерин тактап, жайыт картага контуру менен таза жайытты тактап, Гос актынын алыш керек. Себеби жайыт жеринде адамдардын үлүшү бар, алар да салык төлөйт, жайыт да салык төлөйт. Ошондой эле адамдарга пасылка берилбей, жайыт жерине үй салып алган, алар да мамлекетке салык төлөшөт. Кыскасы 2016- жылга гипрозем менен биргеликте Н. Исанов айыл өкмөтүн айдоо, кайрак, бак жайыт жерин калктуу конуштарын жерлерин, үлүштөрүн тактап так маалымат алышыбыз керек.
Урматтуу депутаттар Кыргызстанды оңдош үчүн ар бир кызматчы интелегенттер жайыт акы төлөшсө мамлекетөнүгөт. Же жайыт акы төлөбөй эле бир бечара мал баккан малчылар жайыт акы төлөгөндөрүн сурап олтура берсек эч качан өнүкпөйт. Ар бир жаран мамлекеттин мыйзамын сыйлаш керек, ошондой эле элдин ишенимине кирип элдин үстүнөн шайланып келгенден кийин, элдерге туура маалымат жеткирип жайыт акыны үйүнө он жолу барып суратпай өздөрү келип төгө турган болуш керек.
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2016- жылга болжолдуу бекитилген бюджети 485,0 миңсом болсо жайыт жеринен топтогон акча 78570 сом болуп башкача айтканда 16,2 % ге аткарылды. Демек айыл- айылдар боюнча айта турган болсок;
Күнгөй Кожоке айылынан 19 адам менен келишим түзүлүп төлөнө турган сумма 67710 сомду түзөт. Мунун ичинен 19800 сом топтолду.
Тескей Кожоке айылынан болсо 6 адам менен келишим түзүлүп. Төлөнүүчү сумма 6800 сом болду. Төлөнгөн салык 2500 сом болду.
Чеч Дөбө айылынан болсо 27 адам менен келишим түзүлүп. Төлөнүүчү сумма 97100 сом болду. Төлөнгөн сумма 11170 сом болду.
Жар Коргон айылынан айтып өтсөк 23 малчы менен келишим түзүлүп. Төлөнүүчү сумма91600 сомду түздү. Ушул күнгү төлөнгөн салык 18100 сом болду.
Кичик Алай жайлоосу боюнча 6 адам менен келишим түзүлүп. Төлөнүүчү сумма 78300 сом болду. Ал эми төлөнгөнү 27000 сомду түзөт.
Баардыгы болуп ушул күнгө чейин жайыт комитетине 340150 сом төлөнө турган болсо, мунун ичинен өндүрүлгөн сумма 785570 сом болду.
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн жайыт бирикмесинин 2016- жыл 1- июнга чейинки отчету.
Н. Исанов атындагы айыл аймагынын жерлеринин калктуу конуштарынын жана жайыт жерлердин тышкы- ички чектерин тактоо максатында жумушчу топ түзүлүп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014- жылдын 3- мартындагы Кыргыз Республикасынын жер фондун инветаризациялоо жөнүндөгү № 114- токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында Н. Исанов айыл өкмөттүн № 232 буйругу 24- декабрь 2015- жылы чыгып, жер комиссиясынын курамы азыркы мезгилде гипрозем менен биргеликте иш жүрүп жатат.( буйрук тиркелет).
Жайыт комитетинин төрагасы |
М. Маманов |