Загрузка документа…
Н. ИСАНОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-июну № 10-3
Ээсиз тронсформаторлорду тактап Ноокат электр тармагындагы ишканага өткөрүп берүү жөнүндө
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдарда 7-ээсиз тронсформаторлор бар. Алар бүгүнкү күндө айыл өкмөтүнүн баласында жок. Ошондой эле Ноокат райондук электр тармагынын иш канасынын карамагында да жок экендиги белгилүү. Ал тронсформаторлор айылдарга демөөрчүлөр тарабынан коюлуп бүгүнкү күндө ээсиз болуп турат. Ошол ээсиз болгон 7 торнсформаторлор төмөнкү айылдарда жайгашкан. Жар-Коргон айылында 2 даана Кожеке айылында 3 даана, Күнгөй-Кожеке айылында 2 даана бар экендиги аныкталган. Азыркы мезгилде торнсформаторлодун кээ бир оңдоо иштерин кымбат болуп жаткандыгы байланыштуу Ноокат райондук электр тармагынын иш канасынын карамагына өткөрүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджети тартыш болуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн 6 айлык кошумча бюджетин кароо учурунда акча ыйгарып берүү максатында айыл кенеши төмөнкүдөй токтом кылат
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы жайгашкан айылдардагы демөөрчүлөр тарабынан орнотулган тронсформаторлорду Ноокат райондук электр тармагындагы иш канага өткөрүп берүү үчүн айыл өкмөтүнүн 6 айлык бюджетиндеги кошумча түшкөн акчалардан керектелүүчү акча ыйгарылып берилсин.
2. Ыйгарылып бериле турган акча каражатын айыл кеңешинин токтомунун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси М. Ботобаевка тапшырылсын.
3. Ушул токтодун аткарылышын көзөмөлөп иш алып баруу жагын айыл кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Нурмаматов |