Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 3
Ак-Сай айылына кичи футбол стадионун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айылындагы жаштарды ден-соолугун чыңдоо максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынан айыл чарба багытына жараксыз 0,50га жер тилкеси кичи футбол аянтчасын куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарды даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана Баткен райондук жере жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Аталган жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекититлип берилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |