Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 4
Миң-Булак участкасынын айыл башчысына кеңсе куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Миң-Булак айылынынын тургундары менен тыгыз байланышта болуу жана айылда келип чыккан маселелерин өз убагында чечүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Миң-Булак участкасынын айыл башчысына кеңсе куруу үчүн Миң-Булак участкасынан айыл чарба багытына жараксыз 0,02га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарды даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана Баткен райондук жере жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Жер тилкесин бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго жүктөлсүн, аталган жер тилкеси айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине бекититлип берилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |