Загрузка документа…
ЧАНГЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 14 - апрели № 78
Чангет айылдык округунун 2011 жылга жергиликтүү бюджетинин алгачкы долбоору жөнүндө
Чангет айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысы Ниязов Т, башкы бухгалтери М Мамытовдун Чангет айылдык округунун 2011-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн алгачкы долбоорлору жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Чангет айылдык округдук Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чангет айылдык округунун 2011 жылга жергиликтүү бюджетинин алгачкы долбоору:
Жалпы киреше бөлүгү – 4.628700 сом
Анын ичинен: жергиликтүү кирешелер: 264500 сом
Максатуу (категориялык) грант – 3,081300 сом.
Теңдөөчү грант – 1,282900 сом.
2. Жергиликтүү кирешелердин кошумча булактарын табуу Чангет айыл өкмөтүнүн башкы салыкчысы Т.Ниязовго , башкы бухгалтери М. Мамытовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык округдк Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чангет айылдык округунун Кеңешинин төрагасы: |
Т.Эшиев |