Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-февралы № 9
Көк-Таш айылынан Ош-Баткен-Исфана авто жолунун курулушуна кеткен жер аянттарын компенсациялап берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан өткөн Ош-Баткен-Исфана авто жолунун курулушуна кирип кеткен Көк-Таш айылынын тургундарынын үлүш жер тилкелерин компенсациялап берүү максатында Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги Х-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Көк-Таш айылынан өткөн Ош-Баткен-Исфана авто жолунун курулушуна кирип кеткен Көк-Таш айылынын тургундарынын үлүш жер тилкелерин компенсациялап берүү максатында Терек участкасында жайгашкан 1,20га КБФнун эсебиндеги жер тилкесинен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарды даярдап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана Баткен райондук жере жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго жүктөлсүн.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |