Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 2
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчимгиндеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатуу жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча киреше булагын табуу жана айыл өкмөтүнүн инфроструктурасын жакшыртуу максатында Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын жана Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасында жайгашкан жер тилкелерин аукцион аркылуу сатуу жөнүндө Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынындагы 0,08га жана 0,06га жер тилкелери АЗС курууга Көк-Таш айылынын СМУ участкасындагы 0,20га жер тилкеси соода түйүн курууга Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасын 0,20га жер тилкеси эс алуучу жай куруу үчүн аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жана аталган жер тилкелерин аукцион аркылуу сатуу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |