Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 3
Ак-Сай айылынын Кандитердик фабрикасынын бош бөлмөлөрүн жер тилкеси менен логистикалык борбор ачууга бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча киреше булагын ачуу максатында Ак-Сай айылындагы Кандитердик фабрикасынын бош бөлмөлөрүн логистикалык борбор ачуу үчүн бөлүп берүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылындагы Кандитердик фабрикасынын бош бөлмөлөрү жер тилкеси менен Логистикалык борбор ачуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жана Логистикалык борборду ачуу боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин өнөр жайы, курулуш, транспорт, соода байланышы, энергетика, суу менен камсыздоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |