Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 4
Көк-Таш айылынын Миң-Булак учаскткасындагы жаңы балдар бакчасына ат ыйгаруу жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Миң-Булак участкасынын жалпы элдик чогулушунун протоколун бор топ талкуулап, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Таш айылынын Миң-Булак участкасынын жаңы ачылган балдар бакчасына “Гулжамал” деп ат коюлсун.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |