Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 5
Ак-Сай айыл өкмөтү менен Баткен райондук салык кызматынын ортосунда түзүлгөн келишимди бекитип берүү жөнүндө
Ак-Сай айыл өкмөтү менен Баткен райондук салык кызматынын ортосунда салык жыйымдары боюнча ыйгарым укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишимин бекитуу максатында, Ак-Сай айылдык кенешинин IV-чакырылышынын ХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтү менен Баткен райондук салык инспекциясынын ортосунда салык жыйымдары боюнча ыйгарым укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишими бекитилип берилсин.
2. Керектүү болгон иш кагаздарды даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин маданий маселелер, инвестиция тартуу, коомдук уюмдар иштөө, маалымдуулук, социалдык коргоо, жаштар жана спорт иштери, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясы боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |