Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели № 6
Жеке ишкер Абдувалиев Адилет Матисаевичке колдоо көрсөтүү жөнүндө
Ак-Сай айылынын күн батыш жагынан жеке ишкер Абдувалиев Адилеттин тоок ферма ачуу үчүн жер тилкесин болүп берүү жөнүндөгү арызын талкуулап, айыл өкмөтүнүн аймагында жеке ишкерлик кылган жарандарга колдоо көрсөтүү максатында Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айылынын күн батыш жагындагы Капчыгай заставасы тарабынан пайдаланып келген ок атуучу жеринен 1га жер тилкеси Абдувалиев Адилет Матисаевичке ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жана аталган жер тилкелерин ижарага берүү жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулкко укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссия туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Анаров |