Загрузка документа…
АЛТЫН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 16-апрели № 3
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджетин бекитүү жөнүндө
Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2011-жылга каралган бюджети алдын ала туруктуу комиссияда каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Алтын-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн 2010-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 4439,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү 4439,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2011-жылга Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 4623,7 миң сом жана чыгашалары 4623,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2011-жылга Алтын-Булак айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша булактары тиркемелерге ылайык аныкталсын.
4. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун суммасы 40000 (кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Э.Маматовго жана “бюджет, финансы-экономика боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Алтын-Булак айылдык округдук кеңешинин төрагасы |
К.Мамытов |