Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-январы № 3-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколун бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча жабык жашыруун добуш берүүнү өткөрүү боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер Мадимаров Нуридин Султанович Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эсептелсин деген Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколу бекитилсин.
Төрага | А. Топчубаев |