Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын протоколун угуп жана талкуулап депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2016-жылда аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.
Төрага | А. Топчубаев |
Урматтуу Давран Маматалиевич, урматтуу бүгүнкү жыйынга катышып жаткан районондун мекеме ишканалардын жетекчилери жана айыл тургундары,айылдык кенештин депутаттары мен сиздерге 2016-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берип кетейин.
1. Т.Кулатов атындагы айылдык аймагында курамында каттоодон өткөн беш айыл: «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Акчал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкынын саны 19881 адам, кожолук саны 3493. Айыл өкмөтүнүн калкынын эркектери- 9730, аялдары-10151 адамды түзөт.Ал эми улуттук курам боюнча негизинен кыргыздар жашайт.Бүгүнкү күндө биздин айылдык аймагында билим берүүчү 10 орто мектеп, 1 толук эмес орто мектеп, 3 балдар бакчасы, 1 борборлоштурулган оорукана, 1 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу, 5 ФАП, 1 маданият үйү, 1 клуб, 1 спорттук комплекс, 1 стадион, 2 китепкана, тегирмендер жана башка кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына өтө бай айылдык аймак болуп саналат.Атап айтсак көмүр, извесняк, гипс, уран , алтын, күмүш, сымап ж.б. кен байлыктар бар. Жогорудагы кен байлыктардан азыркы учурда биздин айыл өкмөтүнө эн чон пайда берип жатканы курулуш материалы болуп саналган цементтин негизин түзгөн извесняк болуп саналат.Ошонун негезинде биздин айылдык аймакта жабык типтеги акционердик коому «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ишканасынан андан тышкары «Айдоочу»ишканасы, «Айбашев» кыш чыгаруучу заводу, «Нур кен», «Кызыл-Кыя» көмүр жана «Береке » кен гипс ташуучу ишканалары иш жүргүзөт.
2. 2016-жылды Республикабызда «Тарых жана маданият», ал эми облусубузда «» жана райондо «Тарыхый мурастар аркылуу улуттук маданиятты өнүктүрүү жана элдик педагогиканы жандандыруу жылы» деп жарыяланып, бул иш чараны ишке ашыруу үчүн төмөндөгү иштер аткарылды.
3. 2016-жылдын 12 айында жергиликтүү салык жыйымдарга жеткирилген жалпы план 4143,4 миң сом болсо иш жүзүндө аткарылганы 6063,1 миң сомго же болбосо 146% ке аткарылып,жеткирилген пландан 1919,7 миң сомго ашыкча жыйналды.
4. Ал эми 2016-жылдын 12 айында салык жана салык эмес жыйымдарга бекитилген план 68 млн765 мин 300 сом болсо, такталган план 55 млн 750 мин сомду түздү, иш жүзүндө 55 млн 750 миң сомго же болбосо 96,3 % га аткарылып,жеткирилген пландан 13008,1 миң сомго аткарылбай калды. Аткарылбай калган салыктар боюнча атап айтсак ТКЦ заводунан сатуудан алынган салыкка 21449,0 миң сом план белгиленсе,такталган планы 5425,2 ал эми аткарылганы 5529,5 миң сомго, же болбосо 15919,5 миң сомго аткарылан эмес. Рояльти салыгы боюнча 39010,8 мин сом болсо, такталган планы 34502,8 мин сом, ал эми аткарылганы 31299,9 мин сом же планга карата 90,7 пайызга аткарылган.
Мына ошонун эсебинен айыл өкмөтүндө бир канча биз пландаштырылган иштер аткарылбай калды, бирок ошого карабай айыл өкмөтүндө социалдык обьектилер курулуп, ишке берилди.
5. Атап айтсак сегиз айылга жалпы суммасы 5347,158 млн. сомго 8 трансформаторго тендер өткөрүлүп, азыркы убакта толугу менен коюулуп, азыркы убакта айылдарда иштеп жатат, бирок элдерге жакынкы аралыкта иштетүүгө берилет.
6. Ал эми Тешик-Таш бөлүмүндөгү 3 км жерге жалпы суммасы 18989,640 мин сомго тендер өткөрүлүп, асфальт төшөлүп ишке берилди.
7. Ошондой эле Кызыл-Булак айылына жергиликтүү бюджеттен “Наристе балалык таны” 90 орундуу балдар бакчасына 11541,64,
8. Сарыбай айылына “Түштүк-Кыргыз-цемент” заводу менен түзүлгөн меморандумдун негизинде цемент түрүндө 8 млн сомдук , ал эми жергиликтүү бюджеттен 3749 918 сомдук 50 орундуу балдар бакчасы курулуп, быйылкы жылда ишке берилүүнүн алдында турат.
9. Баглан,Таш-Булак айылдарына эн көйгөйлүү маселе болгон элдерди таза суу менен камсыз кылуу.Баглан,Таш-Булак айылдарына жергиликтүү бюджеттен 4,8 км узундугу болгон таза сууга 6480410 акча каражаты каралып, тендер өткөрүлүп, азыркы убакта 850 мин сом которулуп, чункуру казылып, шлангалар алынган.
10. Абшыр-Сай айылынын Шарансай бөлүмүнө 1 км ашыгыраак жерге шланга алынып берилип таза суу маселеси чечилди.
11. Кош-Дөбө айылына былтыркы жылы таза суу тартууга тендер өткөрүлүп, бирок иш аягына чыкпагандыгына байланыштуу 2017-жылдын бюджетинде акча каражаты каралып, быйылкы жылы таза суу тартылуунун алдында турат.
12. Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебине 9 класс кошуу үчүн жалпы симеталык баасы 12 081 800 сом жергиликтүү бюджеттен каралып , быйылкы жылы бүткөрүлүп ишке берилет.
13. 2016-жылы айыл өкмөтүнүн борбордук кенсесинин имаратына 2014-жылдын жыйынтыгы менен Республикалык кароо сынакта 2 орунга жетишип, 2 млн. сом сыйлык катарында женүүчү болуп, анын 1296306 сомуна ремонттоо жана жылытуу системасы толугу менен жаныланды.
14. Ошондой эле 2016-жылы айыл аймагындагы ички көчөлөргө шагалдар төгүлүп , электр чубалгылары, столбалары жана ички арыктарга элдердин арызына негиз трубалар алынып коюулду.
15. Биз долбоордун негизинде элдерге сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча бир кыйла алгылыктуу иштерди аткардык.Мисалы: Айыл өкмөтүнүн борбордук кенсесинде бирдиктүү терезе уюштурулуп азыркы убакта сапаттуу кызмат көрсөтүлүп жатат.
Проон менен Финляндиянын тышкы иштер министрлигинин биргелешкен «Кыргыз Республикасына сот адилеттигине мүмкүнчүлүктү кеңейтүү» долбоору Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө 2015 жылдын август айынан бери иштеп жатат. Долбоордун жардамы менен Мамлекеттик каттоо кызматынын адистери менен адвокатуранын адистери айыл өкмөткө 7 жолу келип элге жеринде акысыз кызмат көрсөтүштү. Жыйынтыгында 135 адам алардан кеңештерди алып, анын ичинен 27 адам туулгандыгы тууралуу күбүөлүк, 14 адам нике тууралуу күбөлүк, 15 адам паспорт алганга шарт түзүлдү. 2015 жылдын 11-декабрында мектептер арасында адамдардын сот адилеттигине жетүү боюнча көчө театр конкурсу уюштурулуп, жеңүүчүлөргө бир проектор, бир ксерокопия, ар бир катышкан окуучуга кызыктыруучу сыйлыктар берилди. Айыл өкмөткө долбоорду ишке ашыруу үчүн 2 компьютер, бир көп функционалдуу ксерокопия, бир экран жалпысы 71884,0 сомго бааланган офистик буюмдар алынып берилди.
Ошондой эле айыл өкмөтүнүн кенсесинин алдын реконструкциялап, ремонттоп, жылытуу системасын жаныланып, интернет менен камсыздалып, айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине толук иштөөгө шарт түзүп берилди.
16. Долбоордун негизинде 2016-жылы 8-июль айында Республикалык денгээлде 7 облустан акимдер 47 айыл өкмөтүнүн башчылары келип семинар жогорку денгээлде өткөрдүлдү.
17. Мына өзүнүздөргө белгилүү болгондой элдерди биометрикалык тактоодон өткөрүп, 11-декабрда айылдык кенештин депутаттарын жана Конституцияга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду ийгиликтүү уюшкандыкта өткөрүп, райондо жакшы жетишкендикке жетиштик.
18. Аксакалдар соту боюнча. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө коомдук уюмдар менен иштөө жакшы жолго коюлган.Айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору иштейт.Борбор кылмыштын алдын алуу багытында жана кылмышты болтурбоо максатында иш-чара түзүп, ал иш-чараны аткарууга алууда коомдук уюмдар менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө, бул иште жаштар комитети, аялдар кенеши, АДКлар, аксакалдар кенеши, айрыкча аксакалдар сотунун төрагасы Камчыбеков Кушбак элдер менен тыгыз иштешти. 2017-жылда 26 жазуу жүзүндө, 15 оозеки айыл өкмөтүнүн жарандарынан арыздары аксакалдар сотунда каралып, адилетүү чечилип берилди. Жогорудагы аткарылган иштер коомдук тартипти, коомдун ынтымагын жана тынчтыгын сактоого өтө чон таасир берип келүүдө.
19. Айылдык тескөөчүлөр боюнча.Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы боюнча коомдук тартиптин сакчылыгында 2 аймактык тескөөчү жана 1 жаш өспүрүмдөр инспектору эмгектенип келүүдө.Жалпы 1643,5 км квадрат аянтты тейлейт. 2016-жылдын 12 айында Ноокат райондук каттоо китепчесине 57 ар кандай арыз даттануулар катталып, анын ичинен 5 кылмыш иши козголду.Денеге зыян келтирүү боюнча 33, өзүм билемдик-4, дайынсыз жоголгон 1, өзүн-өзү асып алуу-3,алимент төлөөдөн баш тартуу 1, мал уурулук 5 баарынын бети ачылган, ал эми уулануу -2, кокстук 4, алдамчылык-2 , жол унаа кырсыгы -2 жалпысы болуп 57 арыз даттануу катталды. Ал эми жаш өспүрүмдөр инспектору тарабынан 16 окуучу учетко алынган. Жыл ичинде 322 лекциялар жаш өспүрүмдөргө өтүлдү.
20. Айыл курулуш боюнча.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында “Айылкурулуш” ишканасы ачылып,2014-жылдан баштап 7 адам жумуш орду менен камсыз болуп иштеп жатат.Азыркы күндө 8 айылдын, 10 мектептин, айыл аймагындагы дүкөндөрдөн чыккан чийки таштандыларды ташып, атайын тосулган таштанды таштоочу жайга алып барууда.Ишкана кызмат көрсөтүүдөн айлык акы жана башка чыгымдар үчүн өзүн өзү каржылайт. 2016-жылы таштанды ташуу боюнча элдерден 72 000 мин сом акча каражаты топтолду.Топтолгон акча күйүүчү майга да жетпейт.Ошондуктан сиздерден суранып кетебиз убагында салыгын төлөп турсаныздар. Таштандыларды убагында алып турса баарыбазга да жакшы болот.
Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын тургундарынын талабына,муктаждыгына байланыштуу Абшырсай бөлүмүндө темир иштетүүчү (кузнечный цех.) ишкана ачылып, азыркы күндө элди тейлеп жатат.Ал жерде да 4 адам жумуш орду менен камсыз болгон.
21. Айылдар боюнча маалымат.
Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Сай айылынын тургундары үчүн 1200 метр шланг таза суу үчүн коюлду.Ал эми “Абшыр-Ата” атындагы мечиттин алдына асфальт төшөлдү. Камчиев Эргештин үйүнө кирген көчөгө 20 рейс шагал төктүрүлүп, тегиздетилип берилди.
Абшыр-Сайдагы мечитке жана Култай мечитине кетчүү жолго 2 даана прожектор коюп берилди. Абшыр-Атага кетүүчү жолго эки жолу жолго сел түшүп, ал жер толугу менен тазаланды. Асфальт жолдун астындагы Илиязов Дөлөндүн үйүнүн алдында жайгашкан кольцо сынып калып, ордуна труба коюп үстүнө кайрадан асфальт төшөлдү.
Ормонов Байыштын көчөсүнө 1000 метр зым алынып берилди.Ак-Чаңгал мазарына кетүүчү жолго 30 рейс шагал төгүлүп тегизделип берилди. Кыркол-Сайдагы жаңы конуштарга 7 даана столба, 500 метр зым алынып берилди.Ошондой эле Исаев Келдибектин көчөсүнө 240 метр таза сууга шланг , “Жаша-Балалык таңы” балдар бакчасына 100 кв. Жаңы трансформатор коюлду. Анын ордунан чыккан эски трансформаторлорду Мусайипжан молдонун мааласина коюп беребиз. 9 кишиге 300 кг көмүр жана 8 кишиге 500 кг цемент акысыз берилди. Чүчүк участкасына 4 даана ЖБ столба тровесь чайнектери менен жыгач столбаларга орнотулуучу 6 даана ЖБ бетон стойкалары Ноокат РЭСтен алынып келинди. Чүчүк участкасынын баш жагына 7 даана жыгач столбанын ордулары казылып даярдалып турат.
22. Т.Кулатов айыл окмотуно караштуу Кош-Добо айылында 2016-жылы аткарылган иштер.
Кош-Добо айылынын жаны конушуна 1000 метр электр чубалгысы берилди.Бир трансформатор орнотулду стольба коюлду.Жаны салынган мечитин алдындагы таштандылар алынып ташталды. 25 машина шагал ташылып төгүлүп тегизделип ондолду. Мечитке 8 тонна цемент окмотон берилди.Кунгойдогу жолду жамгыр коп жагандыгынан жолдору сел алган жолдорду калыбына келтируу учун Эргешов Баатыр 98000 мин сомдук жумуш аткарды .2016-жылда Э.Эргешов мектебинин ашканасын ремонтоо үчүн 26000 сом ал эми 70000 сом акча эстелик учун берилди.Э. Эргешов атындагы орто мектебине кышка даярдык боюнча 27тонна комур берилди.Кош-Добо айылына Турдукан эженин кочосуна 8 машина шагал тогулуп ички жолдору ондолгон.
23. Т.Кулатов айыл окмотуно караштуу Ак-Терек айылында 2016-жылы аткарылган иштер.
Ак-Терек айылына 1000 метр электр чубалгысы берилди. 1 даана трансформатор орнотулду, столба коюлду .Тажибай раис кочосуно 30 машина шагал тогулду жана жолдор тегизделип сүрүлгон. Эски бала бакчага ремонт иштери үчүн 460000 сом акча бөлүнгөн, бирок 300000 сом гана берилген. .К.Колдошов орто мектебине ремонт иштерине 26000 сом берилди, 2 тонна цемент да берилди.
К.Колдошов атындагы орто мектебинин жаны курулушунун аягына чыгаруу максатында 1000000 сом акча каражаты бөлүнгөн.Кышка К.Колдошов мектебине 30 тонна комур тогулду .АБекмурзаев атындагы кочого 35 машина шагал тогулуп жолу ондолду. Ага Бекмурзаев Курбан өзу демоорчулук кылды шагалды сургонго жана тегиздегенге айыл окмот тарабынан техникадан жардам берилди. Ак-Терек айылында дарактардын тамырын жулуп алынып, 12 столба башкадан орнотулган. 15200 сомдук жумуш аткарылган. Ак-Терек айылында орнотулган жаны трансформатордун күйүп кеткендигине байланыштуу ремонт иштерине 60000 сом акча жумшалган.
24. Ак-Чал айылы боюнча Ак-Чал айылынын Кайрыма участкасына таза-сууга 630 метр аралыкка шланга сатып алып келип коюулду.Жороев, Дарбишов, Разаковдордун арызынын негизинде 140 метр аралыкка таза сууга шланга алып келип коюулду.Ал эми Ак-Чал айылынын негизги жолунан Коентоо тураакырына чейинки аралыкка таза суу алынып баруу үчүн 670 метр аралыкка шланга коюулуп суу жеткирилди. Ак-Чал айылына жана Сарыбай участкасына 2 даана трансформатор коюулду. Ак-Чал айылынын жаны конушуна 700 мерт аралыкка экскватордун жардамы менен казып таза суу баруучу шланганы кайрадан койдуруп суу жеткирилди.Арык-Тейит нуру бал бакчасына 12 метр 219 мм темир труба алынып келинип коюулду. Март айларында Орто-Сай селканасына тазалоо иштери жүргүзүлдү.Сарыбай айылынын үстү жагындагы жаны конушка 370 метр аралыкка шагал төшөлүп, тегиздетилди жана Орто-сай селканасынын үстү жагы 170 метр аралык тазаланды.Сарыбай, Арык-Тейит айылдарына 600 метр электр чубалгысы жана Ак-Чал айылына 800 метр аралыкка жаны конушка электр чубалгылары тартылды.Ошондой эле “Түштүк-Кыргыз-цемент” заводу менен түзүлгөн меморандумдун негизинде берилген цемент элге берилди. Кызыл-Булак мазарына 8 камаз таза шагал 4 Хова таш, 4 тоона цемент жана 50 даана шифер алынып берилди. Ак-моло жаны конушуна 350 метр таза суу жеткирүү үчүн экскватордун жардамы менен казылып берилди. Ал эми Тилла-Сай селканасына да тазалоо иштери жүргүзүлдү.
25. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында 2016-жылы аткарылган иштер.
Алтын Чайкаган участкасына алышты ремонт кылуу үчүн 2 тонна цемент, 1 камаз шагал жана 1 газ-53 таш төгүлдү.Таканай айылына 1 трансформатор орнотулду.Таканай айылына Абдиламит аканин алдына 1 столба алмаштырылып берилди.Алтын Чайкаган жаны конушуна 450 метр ички жолдорго грейдер салынды.Куумайдан айылына 1 трансформатор орнотулду. Куумайдан айылына балдар бакчасы курулууда.Куумайдан Беш-Бурхан жолуна сел алып кеткен жерлери топурак төгүлүп калыбына келтирилди.Куумайдан айылынын элинин каналдын астындагы жерине өтүү үчүн каналга көпүрөө салынды.Таканай айылына 1 диаметри 300 мм темир труба сатып алынып орнотулуп берилди.Таканай Сай селканасы тазаланып нугу ачылды.Кызыл-Булак айылынын төмөнкү тургундарына 300 кг дан акысыз көмүр берилди:
1) Канкелдиев Нарынбек.
2) Боронова Гулайым.
3) Маматкалилова Парпия.
4) Калматова Салма.
5) Зулпукааров жанибек.
6) Калыкова Ирсалат.
26. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Баглан айылында 2016-жылы аткарылган иштер.
Баглан жана Таш-Булак айылдарына таза суну алып келүү иштери башталды. Баглан айылына 1 трансформатор орнотулду.Баглан айылынын жаны конушуна 25 хова шагал төшөлүп тегизделип берилди.Баглан айылына жаны мектеп куруу максатында АРИСке конкурска катышууга документтер даярдалып тапшырылды.Баглан айылынын ички жолуна 5 хова шагал төгүлүп тегизделип берилди.Баглан мектебинде паровой отопление капиталдык ремонттон чыкты.Баглан мектебинин эшиктери жана коридорго кафел басылды – 189000 сом.Аруудилге 1600 сомго конц товар, 6300 сомдук көчөт. Обогреватель 2 шт.- 8000 сом. Комур – 2500т = 7500 сом. Жаны жылга белекке -1500 сом. Ремонт иштерине – 6000 сом. Ремонт жазда – 1200 сом.Баглан айылынын жаны конушуна 400 метр зым берилди - 12000 сом.Баглан айылынын төмөнкү тургундарына 300 кг акысыз көмүр берилди:
1) Эралиев Турсун.
2) Ырысбаев Алмаз.
3) Эргешова Толгонай.
4) Акматов Базарбай.
5) Алиева Өктөм.
Баглан айылындагы селкана ондолду – 8000 сом.
27. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Таш-Булак айылында 2016-жылы аткарылган иштер.
Таш-Булак айылынын борбордук ички жолу толугу менен шагал төгүлүп ондолду.Таш-булак айылына 1 трансформатор алынып берилди.Таш-Булак айылындагы жогорку чыналуудагы 22 даана ЖБ столба сатылып орнотулду. Таш-Булак айылына 1 аялдама курулду.Таш-Булак айылынын жаны конушуна 500 метр электр чубалгысы берилди.Таш-Булак айылынын жаны конушуна таза суу алып келүү үчүн 1800 метр полиэтилен трубалар сатылып алынып берилди. Кулуштан мектебине спорт площадка курулду.Кулуштан айылынын жаны конуштарына темир труба тендерден өтүп даяр , акча которулса алып берилет. Таш-Булак айылынын төмөнкү тургундарына акысыз көмүр берилди:
1) Ганыева Шакар.
2) Ажимуратов Бекмурза.
3) Абдыкаимов Акжол
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө коомдук уюмдар менен иштөө жакшы жолго коюлган.Айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору иштейт.Борбор кылмыштын алдын алуу багытында жана кылмышты болтурбоо максатында иш-чара түзүп, ал иш-чараны аткарууга алууда коомдук уюмдар менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө, бул иште жаштар комитети, аялдар кенеши, АДКлар, аксакалдар кенеши, айрыкча аксакалдар сотунун төрагасы Камчыбеков Кушбак элдер менен тыгыз иштешти. 2015-жылда 26 жазуу жүзүндө, 15 оозеки айыл өкмөтүнүн жарандарынан арыздары аксакалдар сотунда каралып, адилетүү чечилип берилди.Жогорудагы аткарылган иштер коомдук тартипти, коомдун ынтымагын жана тынчтыгын сактоого өтө чон таасир берип келүүдө.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы боюнча коомдук тартиптин сакчылыгында 2 аймактык тескөөчү жана 1 жаш өспүрүмдөр инспектору эмгектенип келүүдө.Жалпы 1643,5 км квадрат аянтты тейлейт. 2015-жылдын 12 айында Ноокат райондук каттоо китепчесине 78 ар кандай арыз даттануулар катталып, анын ичинен 3 мал уурулук жана 3 алдамчылык фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, Ноокат райондук соту тарабынан мыйзам чегинде чаралар көрүгөн.
28. Жер боюнча маалымат:
Жалпы айдоо – 2741 га.
Анын ичинен:
- сугат – 1023,
- кайрак 1718,
Бак-141
Жайыт бардыгы 12019 га
А.и.жакынкы-7348 га
Алыскы-4687 га
Калктуу конуш-945 га
Айыл өкмөтүнүн кайрак бак үлүштөргө-2192 га
Суулуу айдоо-745 га
Кайрак айдоо-1349 га
Бак-98 га
Айыл өкмөтүнүн КБФ бардыгы 684 га
Суулуу айдоо-278 га
Кайрак айдоо-369 га
Бак-37 га
2016-2017-жылга күздүк буудай
Суулуу аянтка-630 га
Кайрак айдоо-275 га эгиш керек.
Быйыл аба-ырайы жакшы келип өз убагында жамгыр жаап, элибиз суу менен өз убагында камсыз болушуп, эккен эгиндери түшүмдүү болду.2016-жылдын күзгү айыл чарба эгиндерин дыйкандарыбыз КБФнын жеринен бардыгы болуп 600 га күзгү буудай эге турган болсок анын ичинен 120 га жерге суулуу жана 480 га жер аянтына кайрак буудайлары эгилди, ал эми пайдаланбай калган 154 га жер аянтын дыйкан-фермерлер, жеке чарбалардын жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары менен сүйлөшүү жолу аркылуу, жер аянттарын женилдетилген наркта берүүнү пландаштырып жатабыз.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундарды жеке менчик турак жай менен камсыздоо үчүн азыркы күндө айыл өкмөтүндө 3000 атуул тизмеде кезекте турат.Өзүнүздөр билесиздер Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин фондусу (АЧЖФ) кайрак айдоо аянтынан:
1. Арык-Тейит айылынан-8,24 га
2. Кызыл-Булак айылынан-6,60 га
3. Баглан,Күнгөй айылынан-15,50 га
4. Кайрагач бөлүмүнөн-48,50 га
5. Караван (боз) бөлүмүнөн 34,90 га бардыгы 112,94 га жерлердин айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан «Калктуу конуштардын жерлер» категориясына которуу тууралуу (трансформациялоо) боюнча иш алып барып, бүгүнкү күндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын токтому, ошондой эле КР Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтому чыгып, трансформациялоого болгон документтер Кыргыз Республикасынын мам.каттоо кызматына жөнөтүлүп, ал жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мам. Агентигинен жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жер аянттарын трансформациялоо тиешелүү документтерди аталган кызматтар даярдап жөнөтүштү.
29. Социалдык тармактар боюнча жооптуу катчынын маалыматы.
2016-жылга карата айылдык аймактын калкынын саны 19457 адамга жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 421 адамга көбөйгөн.Жарандык абалдын актылары боюнча бир жылда 522 ге жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 421 наристеге көп төрөлгөн.Атайын мамлекеттик каттоодон өткөн никеге турган жаш үй-бүлөлөрдүн саны 202, былтыркыга салыштырмалуу 27 үй-бүлөгө көп.Ал эми өлгөндөрдүн саны 97 адамды түздү.Бул да болсо калкыбыздын санын жылдан жылга өсүп, экономикабыздын жакшырып бара жаткандыгынын белгиси.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө жогорку жактан органдардан келген буйруктар жана токтомдор мыйзамдар укуктук ченемдик актылар өз убагында аткарылууда.2015-жылы айыл өкмөтүнө жогорку органдардан 548 буйрук, 526 токтом жана 551 каттар келип катталып жалпысынан баары аткарууга алынган.Айыл өкмөтүнө арыз жана сураныч билдирүү каттары жалпысанан 559 каттар келип түшкөн.
176- жер боюнча арыздар
233-акчалай жардам сурагандар.
20-кожолукка бөлүү боюнча
150-ар түрдүү маанидеги билдирүүлөр менен кайрылышкан.
Айыл өкмөткө арыз даттануулардын өтүнүч жана сураныч каттардын аткарылышынын денгээли 90 %га түзөт.Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 2015-жылы 222 токтом, 228 буйрук, жеке чарбаларга бөлүнүүгө 165 токтом кабыл алынып, жогорку органдарга жана ар түрдүү юридикалык жактарга 685 каттар жөнөтүлгөн, андан башка айыл өкмөтү тарабынан чарбалык китептерден айыл өкмөтүндө жашагандыгына жана мал-мүлк тууралуу 13057 аныктама берилди.
30. Социалдык жактан коргоо жана камсыздоо багытында айыл өкмөтүнүн социалдык коргоосунун каттосунда:
142 туберкулез ооруусу менен ооругандар:
40 жаштайынан майыптар:
82 жалпы ооруулар,анын ичинен__
20 көзү азиздер жана дүлөйлөр:
158 тоголок жана жарым жетимдер;
12 жалгыз бой кары картандар;
225 баатыр энелер:
212 тылда эмгектенгендер;
2 согуш ардагерлери;
18 ооган согушунун катышуучулары;
2 чернобыльчы бар.
Жергиликтүү бюджеттин социалдык коргоо статьясына 2016-жылга карата 318,0 миң сом бекитилип, каралган акча айыл аймагынын Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, Чернобыль катышуучуларына, Кургак учук менен ооруган адамдарга жана алардын Жети Өгүзгө дарыланууга барып келчү жол киресине, майыптарга, ата энесинен ажыраган жетим балдарга, арыз менен кайрылган жардамга муктаж турмуштук оор кырдаалга учураган адамдарга бөлүнүп берилди.
31. Мындан сырткары резервдик фонддон айыл өкмөткө ооруп калган же турмуш шартынын начарлыгынан жардам сурап кайрылган адамдардын арыздары комиссияда каралып, аларга жалпысынан 173 000 сом жардам берилди.
32. Жергиликтүү бюджеттен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 15 тонна көмүр таркатылып берилди.
33. Айыл өкмөтүнөн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 66 мин тонна цемент берилди.
34. 1-июнь Балдар күнүнө 30 000 сом берилди.
35. 1-октябрь Карыялар күнүнө 45 000 сом берилди.
36. 3 – декабрь Майыптар күнүнө 30 000 сом ажыратылып берилди.
37. Афган согушунун катышуучуларына алардын майрамына 20 000 сом берилди.
38. Баткен коогаланына катышуучуларына 10 000 сом берилди.
39. 1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата СПИД илдетине кабылган тургундарга 10 000 сом берилди.
40. Статистикалык маалыматтар:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө жалпы ишкана жана магазиндер боюнча айтсам.
Ишканалар жалпысы 28, анын ичинен 6 өндүрүштүк ишканалар, ал эми айыл өкмөтү боюнча 48 элди тейлөөчү дүкөндөр иштеп жатат
41. Маданият тармагы боюнча:
Айыл өкмөтүндө маданият тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чара иштелип чыгып, ал иш-чара планды аткаруу боюнча 2016-жылда төмөнкүдөй иштер аткарылды:
«Ооган согушунун ардагерлеринин» майрамын жогорку уюшкандыкта өткөрүп, «Апшыр-Ата» тобу өз өнөрлөрүн тартуулап майрам жогорку денгээлде өткөрүлдү.
8-Март аялдардын Эл аралык майрамын өткөрүүдө ар бир айылдардан баатыр энелер, коомдук иштерге активдүү катышкан энелер,эжелер чакырылып, Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ашканасында сыйлуу тамактар менен сыйланып, Абшыр-Ата тобунун концерттик программасы тартууланды.
21-Март «Нооруз» майрамына карата конкурс жарыяланып, ар бир айылда майрам уюшкандыкта өткөрүлдү. Женүүчүлөргө жергиликтүү бюджеттен 120 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Ноокат райондук маданият үйүндө өткөрүлгөн Асанкалый Керимбаевдин 60 жылдыгына карата өткөрүлгөн сынакта Абшыр-Ата тобу 1 орунду алышты.
1-Май майрамына карата жергиликтүү бюджеттен 30 000 мин сом акча каражаты бөлүнүп , спроттук оюндар өткөрүлүп майрам уюшкандыкта өткөрүлдү.
9-Май Улуу Жеништин 70-жылдыгына карата мемориялдык комплекстин ачылышы болуп, ачылышка согуш ардагерлерин,оорукта эмгектенген аталарыбызды,Ооган согушунун катышуучуларын, райондон, облустан, республикадан коноктор чакырылды.Жергиликтүү бюджеттен 217,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
15-май энелер күнүн өткөрүүдө жергиликтүү бюджеттен 14 000 мин сом акча каражат бөлүнүп берилди.
Жаны-жыл арча майрамын уюштуруп өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 120 ,0 мин сом акча каражат бөлүнүп майрам уюшкандыкта өткөрүлдү.
Китепканалар боюнча айтып өтсөм 2015-жылы райондук масштабда семинар өткөрүлүп, ошол семинардын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү алдынкы өкмөт деп табылып айыл өкмөтүнө грамота тапшырылды.
42. ИНВЕСТИЦИЯ:
Ал эми меморандумдун негизинде Сарыбай айылында 50 орундуу балдар бакчасын курууга ЮКЦ тарабынан 8 ,0 млн. сом цемент түрүндө бөлүндү. Азыркы убакта курулуш иштери жүрүп жатат.
Баглан айылына турмуштук оор кырдаалда кабылган балдардын убактылуу келип кетүүчү борборду ачууга 837 000 сом ЕвроСоюз жана Соц.коргоо Министрлиги тарабынан каржыланды.
43. Билим берүү тармагы.
Уруматтуу Давран Маматалиевич биз быйыл мектептерге ыссык тамак уюштуруу үчүн ашканаларын ремонттон чыгарып, керектүү эмеректер менен камсыз кылынып, азыркы күндө Т. Бекиев атындагы жана Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептерде окуучуларга ыссык тамак уюштурулуп, берилип жатат.Ошондой эле быйылкы жылга эки мектепти ыссык тамак менен камсыздандырууну пландаштырылып жатабыз.
44. Электр тармагы боюнча айыл өкмөтүндө 2015-жылдын январь айына карата дебитордук карыз 1 753 463 сом болсо, анын ичинен элдин карызы 741 937, акт боюнча 740 959 сом, ал эми пениясы карызы 270 567 сом жалпы карызы 1 753 463 сомду түзөт.Азыркы күнгө 1 361672 сом, анын ичинен элдин карызы 541346 сом, акт боюнча 514 090 сом, пениясы 306 236 сомду түзөт. Былтыркы жылга салыштырмалуу дебитордук карыз 391791 сомго кыскарылган.
45. Жайыт боюнча 2015-жылга бекитилген жалпы бюджети-433530 сом болсо анын аткарылышы- 572000 сомду түзүп, башкача айтканда 132 % га аткарылды.
46.Абшыр-таза суу боюнча элден чогулган акча 2015-жылы 600 мин сом болсо,ал эми 2016-жылы 1млн 40 сом болуп ашыкча 400 миң 40 сомго ашыкча аткарылган .
47. Ходжа Арык СПАсынын 2016-жылда аткарган жумуштары боюнча элден түшкөн акча 491170 сом,ТКЦ дан түшкөн акча каражат 113568 сом, кирпичныйдан түшкөн каражат 10000 сом, ОсОО «Ак-Сай» ишканасынан түшкөн каражат 30000 сом бардыгы болуп 744738 сомду түздү.
48. 2017-жылы биздин айыл өкмөт төмөндөгүдөй иш-чараларды аткарууну өз милдетине алат. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жарлыгы менен «2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылы » ал эми Ноокат районунда «2017-жыл Мекенди сүйүү ыймандын жылы »деп кабыл алынды.Ошондуктан 2017-жыл ыйман, адеп жана маданият жылынын иш-чараларын ишке ашыруу үчүн айыл өкмөтүндө атайын иш-чара иштелип чыгып, аткарууга алынат.
Мисалы:
Айыл аймагындагы ар бир айылдарда ыйман,адеп жана маданият жылына карата иш-чараларды өткөрүү.
Айылдык аймакта «Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу жана коомдук саясий абалды туруктуу сактоо.
Ар бир мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча экстремизм, терроризм, суицид жана интернет булактарында мыйзамсыз болуп жаткан көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш жүргүзүү.
Айыл өкмөтүндөгү курулуш иштери боюнча аткарыла турган иштер.
49. Кожо_Арык айылындагы узундугу 3,5 км болгон Кайрагач каналынын долбоору даярдалып,азыркы убакта суу чарба министрлигине жөнөтүлгөн.Ошондой эле «Ходжа» каналын толугу менен реконструкциялоо.
50. Баглан, таш-Булак айылдарына толугу менен таза сууну жеткирип ишке берүү.
Ошондой эле Кош-Дөбө айылына таза суу жеткирүү.
51.Кожо-Арык айылына Республикалык бюджеттен сметалык баасы 22 млн. сомдук спорт комплексинин куруу.
52.Таш-Булак айылындагы авариялык абалдагы Кулуштан орто мектебини Республикалык бюджеттен кайрадан курууга сунуш кылынып, азыркы убакта билим берүү министрлигине жөнөтүлүп, ишке ашыруу.
53. АРИС долбоорунун жардамы менен Баглан айылындагы жаны Баглан орто мектебинин 320 орундуу мектептин курулушун проектилери даярдалып азыркы убакта АРИС ке сунушталып берилди.
54. К.Надиров атындагы мектептин эски имаратынын ордуна курулуп жаткан 90 орундуу «Наристе» балдар бакчасын куруп май айында ишке берүү.
55. «Түштүк-Кыргыз-Цемент» жабык акцтионердик коому тарабынан курулуп жаткан Сарыбай бөлүмүндөгү балдар бакчасын 2017-жылы бүтүрүп, ишке берүү.
56.ПРООН менен биргеликте Таш-Булак айылына 50 орундуу балдар бакчасын куруп бүтүрүү.
57. Быйылкы жылы ТКЦ менен меморандумдун негизинде Ак-Чал айылына бир балдар бакчасынын курулушун баштоо жана Кызыл-Булак айылына жаштар үчүн кичи футбол аянтчасын куруу пландаштырылып жатат.
Жогорудагы айтылган бейөкмөт уюмдар менен бирге иш алып барып,айыл өкмөтү өзүнүн иш аракеттеринин ачык айкындуулугуна массалык маалыматтар аркылуу жетишип, 2017-жылда жамааттар менен сиздердин зор ишениминиздерге ээ болобуз деген үмүттөбүз.
Айыл өкмөтүнүн башчысы | Н. Мадимаров |
Жооптуу катчы | А. Жээнбаева |