Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-февралы № 4-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы № 132 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылындагы жайгашкан "Тилекмат" балдар бакчасына имаратынын Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш мамлекеттик агентигинин алдындагы "Кыргыз НИИПсейсмостойкого строительство" оперативдик изилдөө актысынын 2010-жылдын 02-августтагы актысына негиз иштебей имараты жараксыз жаткандыгына байланыштуу, бош тургандыктан анын ордуна башка бир социалдык объектилерди куруу максатында Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылындагы жайгашкан "Тилекмат" балдар бакчасына имаратынын Кыргыз Республикасынын архитектура жана курулуш мамлекеттик агентигинин алдындагы "Кыргыз НИИПсейсмостойкого строительство" оперативдик изилдөө актысынын 2010-жылдын 02-августтагы актысына негиз авариялык абалда болгондугуна байланыштуу , Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы № 132 токтомун жокко чыгаруу үчүн Ноокат райондук сотуна берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-декабрындагы № 132 токтомун жокко чыгаруу үчүн Ноокат райондук сотуна берүү жагы . Транспорт, курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча комиссиянын курамы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомго тиешелүү болгон юридикалык иш кагаздарын даярдап, тактап берүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мадимаровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Топчубаев |